www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

БОЛГОН ОКУЯ: "Жылан менен арбашканда"

Жыландын көптөгөн жан - жаныбарлар менен арбашканын угуп  жүрчүмүн. Ал эми адам баласы менен арбашканына биринчи болушум.

Бир күнү жайында эртең менен эшиктен абалаган ит үрүп, боз үйдүн туурдугунан шыкаалаган атам ордунан козголо дүрбөй түштү:

- Улук келе жаткан тура. Тур, кемпир камдан. Атам өзү ыкшоо, ордунан оңой менен козголбогон, кыбыр киши эле. "Эмне мынча карбаластады, атамды шаштырган ким болду экен?" деп биз таң калган бойдон аны ээрчий эшикке чыктык.

Малакайчан, сейрек сакалы бар, бою пакене бир абышка боз эшегин тепеңдетип ат мамыга чукулдап калган экен. Атам андан мурун калдалаңдап чуркап барып, эшегинен колтуктап түшүрдү. Атамдын колтуктоосунда акырын басып боз үй босогосун аттап кирди, анан чоң кесеге мелт-мелт куюлган кымызды дем албай тартып жиберди да, улага жакта турган ээрдин үстүнө отура кетти.

-  Эмне бир жериңиз ооруп турабы? - деген атамдын суроосуна да "жок" дегенсип баш чайкап үнсүз жооп берди, Тээ бир оокумда гана өзүнө кызыл жүгүрүп, бүгүнкү атамды таң калтырган окуясын айтып бере баштады...

...Улук өзүнүн тиричилиги менен жайлоону көздөй жөнөйт. Боз эшегин тепеңдетип эч нерсе менен иши жок, өзүнчө ичинен ар нерсени кобуранып сапарын улап келе берет. Дагы алдыда бир топ жер бар. Эшегин ылдамдата басып жүрүп отуруп бир учурда капталынан "шырп" эткен үндү угат. Жалт карай өзүн карап тикесинен тик турган кара чаар жыланды көрөт. Жыландын өзү сүрдүү эле. "Күн жылымайынча жылан да ийининен чыкчу эмес эле. Буга эмне болгон?" деп ичинен ойлоп коюп кете берет. "Узап кеттим го" бир топ жерге чейин эч нерсеге көңүл бурбаган бакшы дагы "шырп" эткен үндү угуп, бурулуп көргөн көзүнө ишенбей турду. Жанагы жылан дагы каптал жагында аны карап тикесинен тик туруптур. Денеси жыйрыла түштү. Жылан аны эрөөлгө чакырып жатат. Жыландар менен арбашкан адамдар жөнүндө көп эле уккан. Бирок минтип бир да жолу кездешип көрө элек эле.

Улук жыландан жүзүн буруп, сапарын улантып кете берет. "Экинчи карабай койсом калып калаар" деп ичинен күбүрөнүп алат да сапарын улайт. Жылан болсо калып калган. "Эми кутулдум го" деп ойлогон бакшы белестен аша берип таң калып калды. Жанагы жылан так ат жолдун ортосунда тикесинен тик туруп аны күтүп жатыптыр.

"Ажалым болсо аны көрөйүн, жеңип кетсем муну көрөйүн" деген бакшы эшегин катуу теминди. Бирок бир нерседен шекшиген эшек да тык токтоп, канча теминсе да баспайт,

Эшектин үстүндө минген тейден жыланды тик караган бакшы эми аны менен арбашууга өттү. Көздөрүн тике карап ичинен түркүн аттарды айтат. Жылан да көзүн ирмебей, тилин чыгара соймоңдотуп турган бойдон. Бул туруш кенен чай кайнатым убакыттан созулду. Экөөнүн тең шайлары кетип, ооздору араң кыбырайт. Же бири-биринин атын табышсачы.

Улуктун башы чыңалып, денеси оорлоп, шайманы кете баштады. Эмнегедир денесин шишик баса баштагандай. Жыландын да шайы кетип бараткандай. Улукка ал да шишик басып жооноюп бараткандай сезилди. Же чарчаган көзгө ошондой көрүндүбү ким билет. Убакыт болсо өтүп жатты. Эми Улуктун такыр шайманы кетип калды. Оозун араң кыбыратып, эсине түшкөн аттарды анда-санда атайт. Чыдоонун да чегине жетти окшойт. "Өлөт деген ушул тура, пешенеме ушундай ажал жазылыптыр да. Мээсине ушул ой тык этти. Эшектин чылбыры колунан түшүп, бир жак колундагы камчы да жерге түшүп кетти. Мына ошол учурда да тик турган жылан солк эте кыйшалаңдап жиберди. Мына ушул жерде бир нерсе бар экенин алы кетип бараткан бакшы да туят. "Чылбыр, нокто" деп эшектин жабдыктарын кыбырап айтат.

Жок "камчы" мына ушул сөз Улуктун оозунан сызылып чыкты. "Камчы" деген сөз чыкканда жылан акыркы жолу тилин бир соймолоңдотуп алды да, тырс эте жолго кулап түштү.

Көрсө, жыландын аты Камчы тура. Алы кеткен бакшы да эшегинен кандайча кулап түшкөнүн билбейт, Көзүн ачса күн көтөрүлүп бара жатыптыр. Бир топ убакыт эси ооп жатып калган окшойт, тили оозуна батпай кургайт. Шайы кеткен бакшы эптеп ордунан козголо туруп, ичи жарылып өлүп жаткан жыланды бир карап, эшегине минип жөнөп калат. Ошол аймакта жайгашкан биздикине араң жетип турган учуру тура. Апам куюп берген кымызды ичип эсине келген Улук ошол эртең мененки окуяны бизге сайдемерелеп айтып берип отурду.

Булак: СЫРДУУ ДҮЙНӨ

 

 

Последние новости