www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Туура кыласыз Кожоке, депутат болуп иштеш оңойбу? Бир эмес эки чакырышта удаасы менен «күжүрмөндүк» менен эмгектенип келесиз, жөн эле депутат болбой жаныңызды кыйнап комитетти да тескеп атасыз. Кошумча баш оору кылып. Анан эс алыш керек да. Сиздей «элитный» кишилердин эс алуусу да «элитный» болуш керек эмеспи. Жайлоодон түшкөндө жай олтуруп бир маектешүүгө чейин сак саламат туруңуз Жайчыбекович! Жогорку Кеңеш эс алууга чыкканы саясат кадимкидей басаңдай түшөт. Айрыкча Кожобек Рыспаев деген «элитный» депутатыбызды кадимкидей сагындык, эй!

Жөнөкөй депутаттардан дагы «элитный» кишиге болгон сагыныч жанды кыйнап ийет экен. Жолугуп бир маектешсекпи дедик эле, телефону өчүк. Суусамырда суусун кандырып, «күндүзү кымыз, түнү кыз, күрүлдөгөн эр кыргыз» дегендей эс алууну катуу өткөрүп жаткан өңдүү, - дейт “Де-Факто”.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости