www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Жайдын толуп турган кези. Биздин чакан айылдын кой кезүүсү бизге
келип калыптыр. Кечинде эле чоң атам:
- Койлорду кырлатып жайгыла. Коого түшпөгүлө. Коонун ээси бар. Анан, бир барганда эле ушунча малдын туягы барса, анын ээсинин тынчы кетет, балдарым. Сак болгула... -дей баштаган. Бул сөз - мен кичине чагымдан берки угуп жүргөн сөз. Баарыбыз унчукпай башыбызды ийкемиш болгонубуз менен көздөрүбүздөн түпкүрүндө чоң атама күлкүбүз келип турганы билинет.
Ошентип, таң ата айылдын коюн айдап кырга чыгып кеттик. Менден үч класс өйдө окуган байкем экөөбүз түшкө чейин кырда кой жайып жүрдүк. Бирок, ушу кырда кой жайган аябай эле тынчсыз. Улам коого жулунган койлордун алдынан кайрый берип чарчайсың...
- Эй, чарчадым аябай, кечээ деле тиги Исалар койдун баарын коого таштап коюп, өздөрү чигилдирик ойноп жыргап жатышты. Кел, биз деле ошондой кылалы!
Бирок, ушу кезге чейин чоң атамдын сөзүн эки кылчу эмеспиз да. Негедир жүрөгүм сестенип, бир нерседен чочулап турдум.
- Айда! Кеттик! -деген байкемдин үнүнө улай анын койлорду үркүтө коо тарапка кубалал жатканын көрүп, бардыгы оюмдан чыгып кетти. Мен да кошо чуркап, чечип алган көйнөгүмдү желектей булгалап койлордун бир тарабын жапырдым. Ансыз да араң турган немелер өздөрү эле биринен бири ашып, кеңирсиген кең коого тез эле түшүп кетти. Бут алдындагы жашыл майсаңдан күтүрөтүп чайнашып, бат эле жуушап жатып калышты. Байкем экөөбүз жыргап, жамбаштап жатып алып, чоң атамды ойда шыбап жатабыз дейсиң...
- Ушу чоң атам кызык, деги биздин тынч отурганыбызды жактырбайт, Дайыма эле тырмалаңдап чуркап жүрсө дейт бизди...- деп токсонго таяп калган чоң атабызга таарынычыбызды айтып жатып, экөөбүздүн тең көзүбүз илинип кеткендей болду. Бир пастын ортосунда түш көрүп жибердимби, айтор, койлорду бир ак көйнөк-дамбалчан ак сакалдуу карыя узу-ун таягы менен коонун тээ төрүн көздөй айдап кетип бараггы.
-Каякка, каяка айдап баратасыз, бул биздин айылдын кою! - деп байкем экөөбүз анын артынан чуркап алганбыз. Ал абышка бизди угуп да койгон жок.
- Мен канча ирет эскертпедим, силердин чоң атаңарга. Мейли, башкалар го мени билбейт, аларды кечиремин. Ал эми мени билген силердин чоң атаңар эмне үчүн силерге эскертпейт. Мен ушуга капамын. Болду, ансыз да кечээ керээлден-кечке тынчымды алышкан ушул эле койлор, бүгүн кичине эс алайын дебедим беле! - деп ачууланып алган абышканын арт жагынан тулку боюн гана көрүп баратабыз. Бир маалда алдын карасак, биздин айылдын койлорунун бири жок!
- Ата, атаке! Койлорубузду кайрып бер, эми антпейбиз. Чоң атам бизге айткан, эскерткен, бирок, биз анын тилин албай койдук эле,- деп катуу өңгурөп ыйлап жибердик да, өзүбүздүн үнүбүзден өзүбүз чочуп ойгонуп кетиптирбиз. Байкем экөөбүз тең көзүбүздү ушалап тура калдык.
- Мен түш көрдүм, - деди байкем мага.
- Мен дагы...
- А койлор кана?!
Жана эле жер жайнап жаткан койлорду коо ичинен көрө алган жокпуз. Экөөбүз тең алапайыбызды таппай чымылдап, коонун тээ түпкүрүн көздөй жүгүрүп бараттык. Кең коонун дал оозуна жете бергенде, койлор биз тарапка суудай куюлуп, жамырап чыга келди. Кичинекей жерге бир айылдын кою кантип баггы экен деп ой жүгүрткүчө, кой артынан бөкчөңдөгөн чоң атабыз көрүндү. Аябай алы кетип, көкүрөгү кышылдап калыптыр.
- Ай балдарым ай, балалык кыласыңар да! Кечинде жакшы эле айтпадым беле! Бул жакка койлорду түшүрбөгүлө деп айткан сез кулагыңарга кирбегенин баамдап, артыңардан келгем. Чын эле мен ойлогондой болуптур го. Касиетивден кагылайын, бул коонун ээсинин тынчын албооңорду жакшы эле суранганыма карабастан... - деп бүкчүңдөп наалып кирди.
Байкем экөөбүз жанагы эле көргөн нерсе түш эместигине эми көзүбүз жетти. Чоң атабызды атка мингизип айылга жөнөтүп жиберип, өзүбүз кырда кой жайып калдык. Кандай түш көргөнүн байкем айтса, аны мен толуктайм. Экөебүздүн көргөнүбүз бир эле нерсе. Кечинде айылга түшүп, койлорду айылдын аягына чейин жеткирип үйгө келгенибизде апам аякка суу алып бизди күтүп туруптур.
Башыбыздан суу айлантып чачып, дагы башка ырым-жырымын кылып, «экинчи чоң атаңардын айткан сөзүн угуп жүргүлө» деп зекиди. А чоң атабыз бир топ күн чикирттеп жүрүп, араң башын көтердү. Коонун ээси менен тил табышуу ага оңойго турбаган көрүнөт...
Булак: Темирбек Жалиев, СЫРДУУ ДҮЙНӨ