www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

БОЛГОН ОКУЯ: "Жоголгон мурас"

Борборубуздагы тарых музейине мен көп эле жолу кирип жүрөм, бирок бир нерсеге анча маани бербептирмин. Ал жакта канчалаган гана байыркы эстелик буюмдар бар. Аларды бир кызыга карап коюп кете берееиң, анча маани да бербейсиң.

Ошол күнү майрам күн болчу, неберелеримди жетелеп алып аянтга жүргөнбүз. Анан кокусунан музейдин жанынан өтүп калдым да неберелеримди ошол жакка алып барып көрсөтмөккө ичине кирдим. Албетте, дээрлик көпчүлүгү эле мага тааныш, ал эми неберелерим үчүн көрсөтмөдөгү байыркы кыргыздардын тарыхый буюмдары аябай эле кызыктуу болуп, кызыгып карап жүрүштү. Аларга ар кайсы буюмдарды айтып түшүндүрүп кетип бара жаггым. Анан эле кокусунан бир буюм көзүмө уруна түштү. Ал кыргыздардын байыркы идиш-аяктарынын арасында турган чөөгүн болчу.

Адегенде анча маани бербей бир карап алып өтүп баратып мээм бир нерсени эстегендей "зың" дей түштү дагы кайра жалт бурулуп, ошого карадым. Көзүмө аябай тааныштай болуп кетга, анан жакын барып карадым. Өз көзүмө өзүм ишенбей дагы жакын келип өтө кунт коюп карадым. Анан таң калганымдан оозумду ачып эле туруп калдым. Ооба, тааныш кумара чөөгүн. Өз көзүмө өзүм ишенбей кайра-кайра карап жаттым.

"Ой тобо, бул биякка каяктан келип калды?" Тээ илгери менин бала чагымда үйүбүздөн дайьшсыз жоголуп кетпеди беле? Өз көзумө өзүм ишенбей кайра-кайра карап жаттым. Анан аябай кунт коюп карадым. Ооба, даана эле ошол экен, башындагы кармагычын мен бир аз сындырып алгам. Дал эле ошол боюнча турат. Көзүмө аябай эле тааныш. Каптал тарабынын төмөн жагында араб тилиндеби же фарс тилиндеби, айтор, бир нерсе деп жазылган тамгалары бар. Убагында биз ага анча деле маани берчү эмеспиз, жөн эле кооздолуп жасалган оймо-чиймелер экен деп койчумун.

Ооба, бул чөөгүн чынында эле көп тарыхты өзүнө камтыган тарыхый чөөгүн. Коргошунбу.чоюнбу же башка темир заттан жасалганбы билбейм. Ал кезде мен деле мобул жанымда жүргөн неберелеримдей болгон жаш курагым болчу.
Бул дайынсыз жоголуп кеткен чөөгүн үчүн атамдан канча жолу жеме укпадым дейсиң. Таптакыр эле жоголуп кетти го деп ойлогом. Анан кандайча тээ алыскы тоолуу Алайдан бул жакка борборго келип калды?

Же ошондо бирөөлөр таап алып атайын бул жакка алып келдиби, же колдон колго өтүп отуруп акыры бул жакка келдиби?

Ким билет, айтор, жоголбоптур да, ушунуңа да Кудайыма тобо. Бул таптакыр эле эстен чыгып унутулуп кеткен болчу. Эми кайрадан тээ бала чагымды эске салып жатпайбы. Андан бери дээрлик алтымыш жылдан ашык убакыт өтүп кетиптир. Убакыттын учкан куштай өткөнүн карачы, бардыгы көз алдымда. Ошондо атам менден да жаш куракта болсо керек. Мен азыр өзүм алтымыш беш куракка жетип

Жоголгон мурос
калдым. Бул чөөгүндүн качан, каисыл мезгилде пайда болгону белгисиз. Тээ илгертен бери эле ата-бабаларыбыз пайдаланып колдон колго, муундан муунга, атадан балага өтүп келаткан экен. Эртең менен дайыма ушул чөөгүн менен чайынчубуз. Дайыма биз менен чогуу жүрчү, жайында жайлоого кошо чыкты, кышында кыштоодо, сарайда, айылдагы үйдө, айтор, анын жүрбөгөн жери жок болчу. Той-топурларда, аштарда келген меймандардын колдоруна ушуну менен суу куйчубуз. Аябагандай бышык чөөгүн эле, ошол бышыктыгынан тэ кылымдардан бери эскирбей, чирибей ошол эле боюнча сактальт келгенин карабайсыңбы,
Атүгүл бул кайсыл кылымга таандык экенин дагы билбейсиң. Ыраматылык атам айтып калчу эле "тээ илгери байыркы ата-бабаларыбыз муну бир соодагерден сатып алыптыр. Ошондон бери көптөгөн кылымды карьггып колдон колго өтүп келатьпттыр. Анан эле күтүлбөгөн жерден жоголуп кетип жатпайбы.

Жайкы каникулда Сары-Өзөн Чүй тараптан келген орусча сүйлөгөн мен теңдүү балдар бар болчу. Ошолор дагы кызыгып кармалап жатышкан. Атам экөөбүз ээрчишип алып ал балдардын дагы үйүнө бардык, алар көрбөгөнүн айтышат. Мен болсом кире бериштеги далиски бөлмөгө коигонумду айтам. Ушул чөөгүн үчүн атамдан канча жолу гана тил укпадым дейшң".

- Бул деген тээ илгертеден ата-бабаларыбыздан келаткан мурас болчу да. Эми ушул мурасгы биз бузабызбы, ыя? Бул деген сенин небере-чөбөрөлөрүңө чейин өтүп барышы керек болчу. Муну деген сенин чоң атаң мага мурас кылып берген. Атаңгөрү, эми карачы, ушул мурасты биз сактай албай калганыбызды, ой арман күн ай. Буга мен өзүм дагы күнөөлүүмүн, шалаакылыкгыгым. Көрүнгөн жерге коё оербей, дайыны жок эле пайдалана бербей мурасты бекем сакташыбыз керек болчу. Карачы арман күн, жоголуп кеткенин.

Ыраматылык атам өмүрү өткөнчө ичинен кейип, наалып жүрүп өтүтс кетти. Бул чөөгүн ошол боюнча дайынсыз жоголгон. Мен дагы жаман болуп жүрдүм. Убакыт өткөн сайын бардыгы унутулат экен.

Мына карабайсыңбы, арадан ушунча жыл өткөндөн кийин бул жерден, болгондо да борбор калаабыздын тарых музейинен кездештирип жатканымды.
Бир жагынан кайра жакшы болду деп ойлоп коём ичимден. Мейли бул жерде сакталып тура берсин.

Мунун тарыхы жөнүндө балдарыма жакшылап түшүндүрүп айтам. Алар дагы бул аркылуу бизди ата-бабаларыбызды эскерип жүрүшсүн. Чөнтөгүмдөн мобилдик телефонумду алдым дагы аны ар тарабынан жакшылап тартып алдым, "Кап атаң айя, атам тирүү болгондо муну көргөндө кайрадан табылганына аябай кубанып сүйүнөт эле. Эми буйрук да, буирукка айла жок" '

Булак: Мамат Ишенов, СЫРДУУ ДҮЙНӨ

 

Следующий >

Последние новости