www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бул окуянын болуп өткөнүнө бир топ жыл болуп калды. Окуяны уккан соң табияттын табышмактуулугуна дагы бир жолу таң берип "тобо" деп жакабызды кармап отуруп калганбыз. Ал окуяны өз оозу менен төмөнкүчө баяндап берген.
-Мен ал күнү жумушта отургам, - дейт ал, - аңгыча телефон чыр дей түшкөндөн алсам, жакын досторумдун бири Рахман экен.
-Мага Мурат керек эле.
-Угуп жатам.
-Мурат, сенби? Кандайсың? Баягы Нурлан дос, машинасы менен бара жатып авария болуптур. Абалы оор дейт.
-Кап аттиң, жаман болгон экен да, деги аман болсо экен, - деп ичимден кейип турдум.
Эки-үч күн өткөн соң, ооруканага Нурланды көргөнү барып калдым. Бети-башы бинт менен оролуп керебетте жаткан экен. Колу, жамбашы, кабыргаларынан кээ бири сыныптыр. Ал-жайын сурап, сүйлөшүп отуруп калдык. Нурлан өз башынан өткөргөн окуяны баяндап жатты.
-Мен ал күнү машинада жалгыз болчумун. Айылга жумуштап барып кайра кайтып келе жаткам. Кеч чыккандыктан чаалыгып, чарчап көздөрүм жабыша уйкум келет. Эптеп шаарга, үйгө жетейин деп өзүмдү өзүм алаксытып келе жаткан элем. Анан кандайча көзүмдүн илинип кеткенин байкабай калыптырмын. Тарса-турс болуп жол жээгинде машинамдын ала салып бара жатканын бир билем. Андан кийинкиси эсимде жок.
Балким, ишенесиңерби, ишенбейсинерби билбейм, бир учурда көзүмдү ачсам, денемден жаным бөлүнүп чыгып бара жатты. Чын, буга чейин мен жандын бар экендигин, адам өлгөн соң ал бөлүнүп чыгып учуп кетээрин көп эле жолу уккам. Бирок, өз башымдан чындап өткөрө элек болчумун. Жаным денемден белүнүп чыгып кайдадыр бир жакка зымырап учуп баратты. Туңгуюк өткөөл менен жүрүп отуруп кандайдыр бир жол менен башка бир чоочун ааламга туш болуп калдым. Бул ааламда бүт бардык жер жапжашыл экен. Менин сопсоо денем ушул ааламда басып бара жатты. Бир убакта алдымдан жашыл талаа ортосунда жайгашкан боз үйдү көрдүм. Түз эле ошол боз үйгө бет алдым. Боз үйдүн ичинде мен кирген маалда бир гана аппак сакалчан карыя отурган экен. Ал мени чочугансып карап койду. Боз үй ичинде дасторкон жайылуу. Дасторкон бетинде түркүн даам жайнайт. Чекесинде самоор кайнап турган экен. Ал эми карыя алдындагы бешбармакты жеп жатыптыр. Мына ушунун баары мени таң калтырып турду. Мен бул жерден карыядан башка ашык бир да жанды көргөн жокмун. Эки жагына көз чаптырып, эшикке чыксам карыядан башка бул жерде эч ким жок экен.
Боз үйдүн жанындагы кемегеде түтүн булап, казанда эт бышып турат. Болуп жаткан окуяга таң калып, айланага көз чаптырдым. Мемиреп тийген жарык шоола, жашыл аалам, көйкөлгөн көк чөп. Жыты аңкыган гүлдөр. Ушунун бардыгына суктанып туруп, курсагымдын ачканын сездим. Үйгө кайрылып кирип, дасторкондогу даамдан тамактанганга ниеттендим. Боз үйдүн эшигин ачып кирип, дасторкон четине көчүк басканы жатканда гана төрдөгү карыя мага көңүл бурду. Жеп жаткан тамагын токтотуп кайрылып калды:
-Уулум, сен адашып келип калдың. Кайрылып артыңа кет! Сенин тигил дүйнөдөгү өмүр ичээр сууң али түгөнө элек. Артыңа кайт!
Мен эмне кылаарымды билбей алдастап туруп калдым. Аксакалдын айткандары мага таасирин тийгизип, эшикке чыгып артыма жөнөдүм. Дасторкон үстүндөгү тамак-аштан да даам сызууга эрким жеткен жок. Бул ажайып кооз жайдан кетким келбесе дагы, аргасыздыктан басып бара жаттым.
Менин дагы бир таң калтырган нерсе, бут алдымдагы жапжашыл чөптөр менен жыты аңкыган гүлдөрдүн эч нерсе болбогону болду. Мен басып бара жаткан жерлердин чөптөрү, гүлдөрү менин бутум тийген сайын жерге жапырылып басып кеткен соң кайра ордуна туруп калып жатты. Артымда эч бир из калган жок.
Гүлдөрдүн биринен да бүрү түшүп, сабагы сынганын көрбөдүм. Мен мунун баарына көз кырымды салып отуруп, жашыл ааламдын чегине жеттим. Бир аздан соң жанагы туңгуюк жолго туш болдум. Бул жерге келгенде өзүмдүн кандайча зымырап учуп жөнөгөнүмдү билбей да калдым. Менин аялым менен апам пайда болуп ушул туңгуюктан тартып алышты. Карасам оорукананын шыбында илинип туруптурмун. Бет алдымда талкаланган денем жатат. Ал денени тегеректешкен ак халатчандар жанталашып мени бир нерсе кылып жатышты. Мунун бардыгы көз алдымда турду. Мен ак халатчандарга кыжырланып, барчаланып сынган денеме кошулгум келбей жатты. Ошол учурда палатанын сыртынан апам менен колуктумдун чыркырап ыйлаган үндөрү угулуп турду. Алардын сыздаган үнүн укканда гана өз денеме кошулуп кеттим. Андан соң эмне болгону эсимде жок. Эртеси күнү гана көзүмдү ачтым. Оорукананын палатасында бети - башым таңылып минтип жатыпмын.
Көрсө, мен убактылуу өлүмгө (клиническая смерть) учурап, жаным учуп кандайдыр бир жашыл өрөөнгө барып келипмин. Менин эмне болгонумду врачтар айтып беришти. Жүрөгүм беш мүнөткө токтоп, мени өлдү дешип үмүттөрүн үзүшкөндө, кайра тирилген экенмин. Ошол досум, эгер мен боз үй ичиндеги тамактан наар татканда, ошол жакта калып калмак белем, ким билет. Эми мына минтип араңарда отурам, - деп керебеттеги Нурлан досум сөзүн бүтүрдү. А мен болсо, анын бул табышмактуу, таң каларлык окуясын угуп алып, жол карата табышмактуу жашыл өрөөн тууралуу көзүмө элестетип ооруканадан үйгө кетип бараттым.
Булак: СЫРДУУ ДҮЙНӨ