www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыямат - кайымга ким даяр?

Акыркы убакта акыр заман жөнүндө көп айтышчу болду. Алтургай, кыямат кайым болчу күнгө атайы даярданып, өздөрүн сюрвивалисттер деп атаган адамдар бар деп уктум. Кул адамдар тууралуу толук айтып бере аласыздарбы?

"Сюрвивализм" сөзү "Survival" - деген англис сөзүнөн алынып, бизче жашоого умтулууну түшүндүрөт. Аны эң биринчи колдонгон америкалык журналдын башкы редактору Күрт Саксон. 1975-жылдары дүйнө жүзү атомдук согуш болуп кетеби деп коркунучта жашап жаткан кези эле. Ошол мезгилде Курт глобалдуу согуш, жаратылыштын ири кырсыгына, аалам алааматына дайым даяр турууга аракеттенген адамдардан атайы кыймыл уюштурган. Кийинчерээк ал кыймылдын мүчөлөрү көбөйө баштаган.

Сюрвивалисттердин өзүне таандык массалык маалымат каражаттары да бар. Мындан сырткары алар кыйын кырдаалда кантип өзүн сактоо жана кармоо керектигин үйрөтүшөт.

Негизинен сюрвивализмди социалдык кыймыл катары атоого болбойт. Анткени алар бир канча адамдан же бир-эки адамдан эле туруп, табият кырсыгында аман калуу жолунун ыкмаларын өздөрүнчө изилдей беришет.

Өзүн сюрвивалистмин деп эсептеген адам алдын ала акыр заманга милдеттүү түрдө даярданат. Колунда бар, финансы жактан жетиштүү жашаган сюрвивалисттер адам буту баспаган жерге үй салууга аракеттенишет. Азыртадан азык-түлүк, айыл-чарба шайманы менен курал-жарактарды даярдап койгондору да маалым.

Булак: СЫРДУУ ДҮЙНӨ

Последние новости