www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев КР Жогорку Кеңешинин депутаттары менен биргеликте Лейлек районунун аймактык ооруканасына барып, кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасындагы курал колдонулган чек ара окуясынын кесепетинен жабыркагандардан кабар алды. Бул тууралуу маалыматты Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирди. 

Белгилей кетсек, атышуу учурунда 13 адам ар түрдүү даражадагы жаракаттарды алышкан, алардын ичинен он жаран бүгүн Кыргыз Республикасынын Куралдуу күчтөрүнүн аскердик-транспорттук учагы менен дарыланууга Бишкекке жеткирилди.

Өкмөт башчыга жабыр тарткан жарандардын саламаттыгы тууралуу маалымат берилди.

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев жабыркагандарга сакайып кетүүлөрүн каалоо менен баса белгилегендей, мамлекет тарабынан бардык зарыл жардам жана колдоо көрсөтүлөт.

Өкмөт башчы ошондой эле жапа чеккендердин жакындары жана туугандары менен сүйлөшүп, чек ара маселесин чечүү жана кырдаалды басаңдатуу боюнча Өкмөт тарабынан көрүлгөн чаралар тууралуу айтып берди.

Жабыр тарткандардын үй-бүлөлөрүнө Жогору Кеңештин жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан материалдык жардам көрсөтүлмөкчү.

Булак: NazarNews.kg

< Предыдущий
Следующий >

Последние новости