www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Көпчүлүк адамдар өткөндөгү бир окуяларын эстерине түшүрүшөт. Менин башымдан өткөн бул окуя да мындан көп жыл илгери болгон. Андан бери арадан бир топ жыл өттү. Бирок ошол күндүн элеси күнү бүгүнкүдөй көз алдымда тартылып турат. Анда мектеп босогосунан даңгыраган турмуш жолуна кадам шилтегенге бир нече ай гана калган эле.
Тактап айтсам, өткөн кылымдын 1964-жылдын март айы болчу. Күч, кубатка толуп, таң азандан түн бир оокумга чейин классташ курбуларым менен көчө бойлой шарактап, бүгүнкүнү эртеңкиге калтырып, эч нерсени аңдачу эмесмин. Жаш өткөн сайын убакыттын ушунчалык ылдам учкан куштай өтүп жатканын баамдап келем. Учурда пайгамбар жашына баш койгон кезим. Ушул жашка келгени жүрөгүмдөм түнөк алып, уялаган так, жаратка айланып келет. Сиздерге жүрөк өйүп, түн уйкумду качырган бул окуяны баяндаардан мурун бул жарыкчылык менен эчак кош айтышкан атамдын арбагына багыштап, чоң атамдын арбагынан кечирим сурагым келди.
Жаткан жериңиз жайлуу, топурагыңыз торко болсун. Ата, жаштыгымды, ошол күнкү өтүнүчүңүздү этибарга албай оюнга берилип кеткенимди кечириңиз, деп көптөн-көп суранам. Кечириңиз, ата! Эмесе, сөз учугун башынан баштайлы. Чоң атам Усман өмүр бою намазын үзгөн жок. Мен эс тартканы чоң атамдын үйүнөн киши аягы үзүлчү эмес. Өзү Талас өрөөнүнүн Ак-Дөбө айылында турса да, алыскы Тараз (Жамбыл) шаарына барып жума намазга жыгылып келчү. Ал жактан келгенде түнү бою шариаттан сөз кылып, жалпы үй-бүлөгө сабак катары акыл-насааттарды кеп кылаар эле. Чоң атам Усман Жамбылга каттаган сайын ар кыл устачылык өнөргө керектүү шаймандарды сатып алганды унутчу эмес.
Раматылык чоң атам колунан көөрү төгүлгөн уста болгондуктан жыгачтан ээр, кашык, чөмүч жасап айыл-айылга бекер таркатчу. Өзү да дайым белбоосуна ар кыл бычактын түрлөрүн тагынып, ширеңке ордуна чакмагын да ала жүрүп, керектүү учурда тез эле от жандырып коёр эле. Жамбылга каттаган сайын ал жакта төрт-беш күнгө кармалып, кайра үйгө тартканда чоң молдо, касиеттүү адамдарды кошо ээрчите келчү. Алыстан молдолор келгенде айыл ичиндеги кары, жашы калбай үйгө чогулуп, түн бир оокумга чейин Мухаммед пайгамбардын хадистеринен кеп кылышчу. Чоң апабыз Каниет сегиз-тогуз бээ саап, кымызды эки сабоого жана күү челектерге жасачу. Бирине ар дайым мейиз кошуп жасап коёр эле.
Себеби, атабыз Усман мейиз кошулган кымызды ичмейин ыраазы болчу эмес. Колу бошой калганда мени жанына отургузуп алып куранды үйрөтчү.
Ошол себептен, ушул күнгө чейин окуган куранды тогуз жашымда чоң атамдан утуп, жаттаган элем. Арадан бир канча жыл зымырап учуп, алтынга тете күндөрдүн кучагында, тактап айтсам, мен 17 жашка келгенде чоң атам Усман 1964-жылы жазгы ала шалбыртта сол капталы кыймылга келбей катуу ооруп калды. Ошондон улам Талас өрөөнүнө атагы чыккан Ключевка айылындагы Үсөн молдону чакырткан элек. Үсөн молдо атабызга жети күн дем салып, бир жак ыптасы, капталы калыбына келет. Жаны жай албаган атабыз оорусунан сакайган күндөн тартып кайрадан Жамбылга каттап устатчылык өнөрүн уланта берди. Бир күнү ашканага кирип кайнаган сууга чай салып коёюн деп чоң куту чайдан бир чымчым чай ала баштаганымда, апам каршы болду:
-Кой, бул чайды Үсөн молдо чоң атаңа дубалап берген. Экинчи бул кутудагы чайга тийбегиле! Ал кезде "Индия чайы" эч табылчу эмес. Куда-сөөк, сыйлуу конок келгенде гана колдонушчу. Мен алган чай да индиянын чайы болгондон улам катып койду окшойт деген ой келди.
Көрсө, Үсөн молдо атайын чайга дуба окуп берген экен. Чайдын өмүрү менен чоң атамдын өмүрү бир экенин кийин гана билдим. Үсөн молдо кетээринде чоң апама:
"Качан чай түгөнгөндө жолдошуң бул жарыкчылык дүйнө менен кош айтышат. Ошондуктан чайды бир демдеген соң ичиндеги чамасын төкпөстөн бир күнгө пайдалан. Күнүнө дубаланган чайдан бир чымчым салып, калганын жөнөкөй чайдан кошуп бер.
Себеби, дубаланган чай кошулмайын жолдошуң ооруп, төшөктөн баш көтөрбөй калат" - дейт. Апам ар дайым чоң атама башка чайнекке чай даярдай турган. Кийинки учурда чоң апамдын жүзүнөн нуру өчүп, басса-турса оор үшкүрүнүп калган эле. Көрсө, апам байкуш ошол чайды сарамжалдуулук менен аз-аздан салып бир жылга жеткирген экен.
Туура 1965-жылы 5-мартта түшкө маал чай түгөнөт. Ошол күнү түш оогон ченде чоң атам:
-Урмат, айланайын чачымды алып берчи, - дейт. Бирок айылдагы өзүм теңдүү балдар эшикте кыйкырып, "топ ойнойбуз" дегендеринен улам оюнга кызыгып, жаштыкка алдырган мен:
-Ата, эртең эле алып берейи-чи, - деп эшикке жүгүрүп чыгып, балдарга кошулуп кеткем. Боз топуракка аралашып ойноп, көзгө сайса көрүнгүс түн бир оокумда үйгө кайтып келсем чоң атам Усман төшөктөн баш көтөрбөй жатып калган экен.
Жанында чоң апам, бир туугандарыбыз чебелектеп жүрүшөт. Өзүнүн өлөөрүн сезгенби, айтор баарыбызды тегерете бир карап алып, акыркы керээз сөзүн айткан соң, түнкү саат, экилер чамасында баарыбызга кайрылды:
-Мени сыртка бир чыгаргылачы. Тышка чыгарсак жылдыздар жаркырап асман бетин жаап турган экен. Бир аз асманга тигилип турган соң, үйгө киргиздик. Аздан соң молдо куран окугандан кийин эч кыйналбастан чоң атам 73 жашында бул дүйнөдөн биз менен кош айтышып кете берди. Атам дүйнөдөн кайткандан кийин гана чон апабыз Каниет Үсөн молдо чайды дубалап берип, качан чай түгөнгөндө чоң атабыздын бул жарыкчылык дүйнө менен кош айтышаарын айтканын айтып отурбайбы. Чайдын дубаланганын ошондо гана билдим.
Булак: ШАМБАЛА