www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевге бүгүн, 13-августта «Адам өлтүрүү», «Куралды мыйзамсыз жүгүртүү», «Массалык башаламандык уюштуруу» деген бир нече оор беренелер боюнча кылмыш иштери козголду. Бул тууралуу башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов Бишкекте өтүп жаткан басма сөз жыйынында билдирди.

«Атамбаевге карата куралды, ок дарыларды мыйзамсыз жүгүртүп, массалык башалмандык уюштуруп, тергөө аракеттерине тоскоолдук кылуу максатында алты кызматкерди барымтага алып, бир кызматкерди өлтүрүп жана өлтүрүүгө аракет кылуу боюнча Жазык кодексинин «Бийлик өкүлүн коркутуу же ага карата зомбулук», «Массалык башаламандык уюштуруу», «Адам өлтүрүү», «Кылмышка аракеттенүү», «Барымтага алуу», «Куралдуу ок дарыларды мыйзамсыз жүгүртүү боюнча кабарлама берилди», - деди Жамшитов.

Алмазбек Атамбаев 8-августта ИИМдин атайын операциясынан соң камакка алынган. Бишкектин Биринчи май райондук соту 9-август күнү аны кримтөбөл Азиз Батукаевдин иши боюнча кылмышка шектүү катары караган тергөө материалдарынын негизинде анын бөгөт чарасын аныктап 26-августка чейин абакта кармоо тууралуу чечим чыгарды, деп "Азаттык" жазып чыкты.

Эскерте кетсек, 7-августта Атамбаевди кармоо операциясы башталып, ишке ашпай калган. Кагылышуу болуп, бир топ адам жарадар болуп, бир офицер каза болгон.

Эртеси, 8-августта, кайрадан кармоо операциясы жүргөн, жыйынтыгында, экс-президент ИИМ министринин орун басары Курсан Асанов менен сүйлөшүп, колго түшүп берген.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости