www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бул тууралуу Бишкектеги басма сөз жыйынында башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов билдирди. Анын айтымында, президент Сооронбай Жээнбеков 7-8-августтагы Кой-Таш айылындагы окуялар жана мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин айланасында козголгон бардык кылмыш иштери боюнча мыйзам чегинде чечим кабыл алууну талап кылды.

“Президент бул иштер боюнча бирөөнүн кызыкчылыгы же кылмыштуу куугунтукка жол бербөөнү катуу талап кылды”, - деди Жамшитов

Бүгүн күч органдарынын башчылары 7-8-августтагы Кой-Таш айылындагы окуялар боюнча маалымат берүүдө. Анын жүрүшүндө башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов бул окуялар боюнча мурдагы президент Алмазбек Атамбаевге бир берене боюнча кылмыш иши козголгонун билдирди. Анын айтымында, Атамбаев “Адам өлтүрүү” баш болгон бир нече оор кылмыштарга шектелүүдө, деп "Азаттык" өз пикирин коомчулукка жарыялады.

Эскерте кетсек, 7-августта Атамбаевди кармоо операциясы башталып, ишке ашпай калган. Кагылышуу болуп, бир топ адам жарадар болуп, бир офицер каза болгон.

Эртеси, 8-августта, кайрадан кармоо операциясы жүргөн, жыйынтыгында, экс-президент ИИМ министринин орун басары Курсан Асанов менен сүйлөшүп, колго түшүп берген. 9-августта анын баш коргоо чарасы каралып, августтун аягына чейин камакта калган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости