www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бул биздин күнүмдүк жашоо турмушубузда жин оору менен ооругандар көп эле кездешет. Кээ бири күчтүү молдолорго, дарыгерлерге барып айыгып кетишсе, кээ бири эмне кылар айласын таппай кыйналып жүрүшөт. Ошондой жин оорусуна мен дагы аз жерден кабылып кала жаздап, араң дегенде кутулгам. Дегинкиси Кудайым өзү сактады.
Мен азыркы учурда түштүктүн борборунда Ош шаарынын өзүндө турам. Мурда ушул эле шаарга караштуу райондордун биринде жашачумун.
"Туулган жердин топурагы алтын" деген накыл сөз бекеринен айтылган эмес. Мен да туулуп-өскөн айылымдан аргам жоктугунан гана көчүп келдим. Жин оорусу болоосо...
Менин үйүмдүн ылдый жагында Ысмайыл деген киши жашачу. Үч баласы бар эле. Бирок, ар кандай себептер менен жаш аялмет болчу. Кандай десем, өздөрү иштебей балдары майда болуп дегендей. Бир баласы менин уулум менен тең эле. Күндөрдүн биринде эле "ошол уулу ооруп калыптыр" дегенинен ал-абалын сурап коёюнчу деп үйүнө кирип калдым. Ошондо Ысмайыл чай үстүндө мындай деп калды:
"Билбейм, бул уулум бир жаман оорута чалдыкты, түнү бою тынчы кетип, ар кимдин атын айтып чабалактап, тура калып кыйкырып, өкүрүп эле бушайманга салды. Кээде оозунан ак көбүк чыгат. Эмне кылаар айламды таппай олтурам. Дарыгерлерге алып барайын дейм, тыйын жок. Молдо-кожолорго эле көрсөтүп керсөмбү деп турам, - деди.
Мен да болгон акыл-кеңешимди айтып, өзүм билген жакшы молдолордун даректерин калтыргам. Ал бир жолу гана алып барып, андан кийин кайталап барган жок менимче. Ошондон кийин көп өтпөй эле өзү да ооруп жүрүп каза болуп калды. Андан кийин баласына көңүл бурган деле киши болгон жок. Аялы болсо өтө эле момун болчу. Ал эми баласы бирде ооруп, бирде жакшы болуп калганын көрчүмүн.
Бир күнү ал баласы жакшынакай жүрүп эле ал дагы каза болуп калды. Мындай күйүткө чыдабаган энеси таптакыр эле алсыз болуп тешөктө жатып калганынан үйүндөгү тестиер кайгы үйдөгү болгон түйшүктү мойнуна жүктөп бардыгын жасачу. Эл да ал кызына ыраазы болуп көп алкашаар эле. Анда-санда мен сырткы жумуштарына каралашып турчумун.
Бир күнү эрте жазда мен үйүмдүм тегерек-четин тазалап жаткам. Аңгыча болбой эле коңшунун үйү ызы-чуу боло түштү. Эмне болуп кетти деп чуркап бардым. Барсам мен жогоруда сөз кылган кызынын оозунан ак көбүк чыгып, ээси ооп жерде жатыптыр. Дароо тегерек-четти чакырып бушайманга түштүк. Ал тээ бир топто барып анан араң эсине келди.
Эмне болду десек, "эч нерсе билбейм, көзүмө жылаңач адамдар көрүнүп, мени бир жакка сүйрөп баратышыптыр" деди. Анан кошуналар акылдашып туруп өзүбүз кыргызчылык көрсөтөлү, жардамдашалы деп чечиштик да, ал иш менин мойнума жүктөлдү. Молдодон молдону тандап олтуруп Өзбекстанда жашаган Абдукарим деген бир чоң молдого алып бардым. Ал молдо кызды көрүп туруп эле мындай деди:
- Булардын жашаган үйүндө өчөшкөн жин-шайтандар көп экен. Алар ал жерди мекендеп алышыптыр. Жер котормоюн мындай азаптан кутула алышпайт, Анын үстүнө бул кыздын денесине эки жан кирип алыптыр. Менин буга күчүм жетпейт. Менден күчтүүлөргө алып баргыла, болбосо бул ушул бойдон калса, жинди болуп калат, - деди.
Мен аны уккандан кийин болгон сөздү кошуналарга айтып, Ысмайылдын кайын-журту Көл тарапта турчу, аларга кат жөнөтүп, болгонун болгондой түшүндурүп айтып, анан алар көчүрүп кетишти. Үйүн болсо кулпулап, терезелерин бекитип огород кечесин мага дайындап коюшту. Ошентип алар көчүп кеткенден кийин мен анын огородун өзүмө иштетип жүрдүм.
Бир күнү демейдегидей эле ал огородго эккен жер-жемиштерди отоп жаткам. Күн түштөн ооп калган убак болчу. Бир маалда өзүмөн өзүм альш кетип, башым ооруп, денем калтырап чыкты. Жасап жаткан ишимди токтотуп коюп үйүмө араң бардым да, кичине жатып эс алып алмакка сөрүгө чыгып баратып эле чалкаман кеттим. Андан кийин эмне болгонумду билбейм. Эсиме келсем ооруканада жатыптырмын. Үйдөгүлөрүм үрпөйүп жаман болуп турушкан экен. Менин жакшы боло түшкөнүмө алар кадимкидей сүйүнө түшүштү.
Мен эмнегедир өзүмчө эле бир нерседен шекшип жатгым. Анткени кайсы бир молдо мындай деген:
"Ошондой оорукчан адамдардын кийген кийимин, тамак ичкен идишин, жаткан ордун, айтор ал адамдын урунган оокаттарын колдонбош керек. Эгер колдонуп алса, ал жаман нерселер оошуп кетет. Башкача айтканда соо адамга оодарылат. Ошондуктан илимде деле айтылат эмеспи, эгер бул өчөшүп алган жин-шайтандар адамдьш жанына кошо кирип алса, ал таза жанды алып тынмайын же жинди кылып, айтор соо койбойт.
Ошондуктан бул дүйнөдөн көзү өткен ата-бабалардын арбактарына куран окуп туруу парз" деген. Ошону ойлодум да үйүмдү сатып шаардан үй алып көчүп келдим. Кудайыма тобо, көчүп келгеним эле жакшы болуптур. Антпесем мен өзүм да бир балээге жолукмак окшойм. Ал эми ошол көчүп кеткен кошунамдын кызы азыркы күнгө чейин эле дарыланып жүрөт деп угам.
Менин угушума караганда, көлгө көчүп баргандан кийин дагы бир чоңоюп калган уулу жол кырсыгынан каза болуп калган экен. Менин баамымда, булардын укум-тукумунда уланып келе жаткан оору болуш керек. Антпесе, жер деле которушпадыбы.
Деги Кудайым өзү сактасын.
Булак: СЫРДУУ ДҮЙНӨ