www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Эң байыркы шахмат

Өткөн жумада кытай археологдору Батыш Хань династиясына (б.з.ч. 206-жылы - б.з. 8-жылы) таандык күмбөздөн 5 200 бамбук такта табышкан. Анын 1 000 ге жакынын чечмелеп да үлгүрүшкөн.

Жыйынтыгында Пекин университетинин изилдөөчүлөру тактадагы жазуулар "Лобо", бизче "алты таякча" деп аталган байыркы кытай оюнунун эрежелери жазылганын аныкташкан. Бул стол оюну эки оюнчуга ылайыкталып, 2 000 жылга жакын өмүр сүрүп, байыркы кытай шахматы катары эсептелет.

Ал Батыш Хань династиясы учурунда бийлик төбөлдөрү менен карапайым адамдардын жакшы көргөн оюну болгон. Кийин убакыттын өтүшү, мезгилдердин закымы менен оюндун так эрежелери унутулуп калган.

Булак: СЫРДУУ ДҮЙНӨ

 

Последние новости