www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

10 жылдан бери баламдын оорусунун азабын тартып келебиз. Балам өзү эмне оору менен жабыркарын керек болсо даргерлер өздөрү билбейт. Он жылдан бери жолдошум экөөбүз балабыз айыгып калат деген үмүт менен жашап келебиз.

Биз 25 жыл мурун Жалал-Абаддан Чүй жергесине көчүп келгенбиз. Жолдошум экөөбүздүн ортобузда бир уул, эки кызыбыз бар. Улуу кызыбыз Өзбекстанга турмушка чыгып, ошол жакта түтүн булатып келет. Экинчи уулубуз 10 жыл мурун мектепти бүткөн. Балам мектепти жакшы окуубаса дагы тартиптүү, спортко кызыккан жигит эле. Ал күнүнгө  мектептен чыккандан кийин бокс менен машыкчу. 11-классты бүтүп, аскерге чакыруу келди. Жалгыз уулубузга бата берип, аскерге жөнөттүк. Ошол күндөн тартып биздин жашообузду кара булут каптады. Балабыз аскерге кеткенине 3 ай болгондо телефон чалып, бизди бөлүмгө чакырышты. Себебин сурасак келгенде баарын түшүндүрүп берүүнү убадалашты. Шашып балам өтөгөн аскер бөлүмүнө бардык. Ошол жерден эмне болгонун эстесем азыркыга чейин токтоно албай ыйлайм...

Аскер бөлүмүнө кирип барсак, уулум башын кармап олтурат. “Силер кимсиңер” деп бизди тааныбай, качып, кыйкырып кирди. Мен эмне болуп жатканын түшүнө албай, баламды көрүп шолоктоп ыйлап баштадым. Уулум эч кимди жанына жолотпой, ызы-чуу салып, кыйкыра берди. Үч-төрт саат алышып атып, акыры дарыгер ага укол сайып тынчытты. Аскер бөлүмүнүн башчысынан эмне болгонун сурасак, ал башы менен бир жерге катуу тийгенин айтты. Дарыгерлер катуу жаракат алганына байланыштуу башына суу толуп калган дешти. Бирок, баламдын башы эмнеден жаракат алганын, кайсы жерге тийгенин айтышкан жок. “Жөн гана чалынып кетип, темирге катуу тийип калган” дешти.  Уулумду ооруканага алып кеттик.

Балам башы темирге тийип эле мындай абалга келип калды деп ишене албай, чогуу өтөгөн жоокерлерден окуянын чоо-жайын сураштырып баштадым. Акыры ал менен дос болуп, жакын жүргөн жоокер баарын айтып берди. Көрсө уулумду аскер бөлүмүнүн башчысы жини менен башына катуу чапкан экен. Ал эсин жоготуп койгондо “өлдү” деп ойлошуп, баламды тирүүлөй көмүп салышыптыр. Кайра “ата-энесине эмне деп айтабыз, андан көрө аны алып чыгалы дагы кокусунан көз жумду” деп коелу дешет. Аны кайра  дароо казып алышканда балам тирүү экенин билишет. Бирок, эч кимди тааныбай, чаң салат. Ошондо гана бизге телефон чалышат...

Балам эртең операция дегенде ооруканадан качып кетип, түнү бою издеп араң тапканбыз. Үйгө алып келип, киргизе албай, бир топ кыйналдык. Балээнин баары ошондо башталды. Анализ тапшырсак, уулумдун башында суу жок экен. Операция болбой калды. Ал эмне болуп жатканын дарыгерлер деле билбейт. Сеньтябрь айында ”сууга түшөм, жуунам” деп көлгө качып кетет. Биз жашаган жерде чакан көл бар. Жөн эле көлгө барбастан, көргөн кишиге кол салчу болду. Эки-үч күн ошентип кача бергенинен аны чынжыр менен байлап койдук. Кошуналарыбыздын жаш балдарынын жүрөгү түшүп, үйүбүздүн жанына жолобой калды. Акыры айлабыз кетип молдого алып бардык. Молдо уулубузга жин кирип кеткенин айтып, аны чыгаруу керек деди. Баламды күнүгө мечитке алып барабыз, күнүгө молдодон таяк жейт. Ошентип отуруп баякы бокс менен машыккан уулумдан эч нерсе калбай калды. Акыры баспай, “тачкага” менен сүйрөп алып барып калдык...

Бир жыл өткөндөн кийин бизди тааный баштады. Эки-үч жылдан кийин кичине жакшы болуп калды. Бирок, жолдо басып баратып эле артка кайтып, кайра алдыга басып элди коркута берчи.  Мечитке барып отуруп намаз окуп баштап, дагы жакшы боло түштү.  Жакшы болуп калды деп ойлодук эле, бирок...

Уулум кечинде көчөгө чыгып кетчи. Сейилдеп кайра келет деп ойлочубуз. Көрсө, ал кечинде жумуштан келе жаткан кыздардын аркасына түшүп алчу экен. Аны деле билбейбиз. Бир күнү кошунабыздын кыздарына ата-энеси үйүндө жок кезде кол салыптыр. Дагы жакшы кошунабыз деп балама арыз жазышкан жок. Бирок, баламды кайтарып турууну, кечинде эшикке чыгарбоону талап кылышты. Албетте, алардыкы туура да. Эмне үчүн мындай жолго барып жатканын эч түшүнө албадым. Отузга да келип калды, жалгыз уулума да келинчек алып бере албайм. Айлам кетти...

Булак: NazarNews.kg

Последние новости