www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков саламаттык сактоо тармагынын кызматкерлеринин кесиптик майрамы — Медицина кызматкеринин күнүнө карата кайрылуу жолдоду. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматы билдирди.

Мамлекет башчысынын кайрылуусу:

«Урматтуу биздин дарыгерлерибиз!

Сиздерди кесиптик майрамыңыздар менен чын дилимден куттуктайм!

Баарыңарга бекем ден соолук, амандык, жакшылык жана түйшүктүү ишиңерде ийгиликтерди каалайм.

Башыбыздан кечирип жаткан кыйын учурдун негизги жүгүн сиздер көтөрүп жатасыздар.

Өмүрүңөргө болгон коркунучка карабай, биздин амандыгыбыз үчүн күнү-түнү тыным көрбөй, күрөшүүдөсүңөр.

Берген антыңарга бекем туруп, милдетиңерди бийик жоопкерчилик менен аткаруудасыңар.

Сиздердин бул каармандыгыңарга таазим кылабыз!

Таза ниет, ак эмгегиңер үчүн терең ыраазылык билдирем.

Мээнетиңердин акыбети кайтып, айыгып чыккандардын саны көбөйүүдө.

Тилекке каршы, бул илдеттен мекендештерибизди да жоготуп алдык.

Милдетин аткарып жүрүп, каза болгон медиктерибиз да бар.

Бул баарыбыз үчүн, орду толгус жоготуу.

Өз жакындарынан айрылып калган мекендештериме терең кайгыруу менен көңүл айтам.

Ушул оор күндөрү бардык кыргызстандыктар силердин кайгыңарды тең бөлүшөбүз.

Кайтыш болгондордун бейиши болсун деп тилейбиз.

Урматтуу медицина кызматкерлери!

Сиздердин эмгегиңер жогорку баага татыктуу.

Медиктердин статусун жогорулатууга, өзгөчө абал жана өзгөчө кырдаал шартында иштегендерди материалдык колдоого багытталган мыйзамга өзгөртүүлөр кирди.

Сиздерди колдоо жана коргоо ишин улантабыз.

Пандемия — саламаттыкты сактоо тармагындагы тереңдеп кеткен көйгөйлөрдү ачыктады.

Алардын баарын жоюп, тармакты башкарууну жолго коебуз.

Болбосо, улут саламаттыгы чоң коркунучка туш болоорун баарыбыз ушул күндөрү көрүп жатабыз.

Урматтуу мекендештерим!

Илдет менен күрөшүү, адам өмүрүн сактоо үчүн бардык иш-чаралар жасалып жатат.

Ошого карабай, өлкөдө абал татаал бойдон калууда.

Дарыгерлерге болгон муктаждык жогорулап, адистердин жетишсиздиги курч маселе болуп турат.

Мамлекеттик эмес клиникалар, коргоо жана күч органдарынын ооруканалары, аскер врачтары ишке тартылат.

Медициналык окуу жайлардын жогорку курстарынын студенттеринен турган ыктыярдуу бригадаларды түзүүгө чакырам.

Бизнес социалдык тилектештик көрсөтүп, медиктерибизди колдойт деп ишенем.

Илдет менен күрөшкө жардам берип, кол сунган мекендештериме ыраазылыгымды билдирем жана баарыңарды кайдыгер калбоого чакырам.

Бүгүнкү күндөр журт биримдигин сынай турган мезгил экенин унутпайлы!

Ушундай оор мезгилде да өз капчыгын толтургусу келгендерди „эл душманы“ деп ачык айтам.

Дары-дармектердин, беткаптардын, өздүк коргонуу каражаттарынын баасын көтөргөндөр жазасыз калбайт.

Кадырлуу калайык-журтум!

Урматтуу мекендештерим!

Кудайдын колдоосу менен, бекем биримдигибиз менен бул оор күндөрдү да жеңебиз.

Мамлекет тарабынан зарыл иштердин бардыгы толук бойдон аткарылат.

Ар бир мекендешиме бекем ден соолук тилейм.

Ар дайым элибизде аманчылык, жергебизде тынчтык болсун.

Сүйүктүү Кыргызстаныбызды Жараткан Кудайым Өзү колдосун!»

Булак: NazarNews.kg

Последние новости