www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Текебаев Темир Сариевке тиш кайрап турганда анын маалыматчылары жазган эле: ”Темир Сариев оштуктарды сасык деп атчандары менен Чүйдөн кубалаган” –деп. Текебаев Темир Сариевке президенттик жана парламенттик шайлоолордо каршы чыгып жүрүп, бул ирет Өмүрбек Чиркешович шайлоого олигарх Темир Сариев менен бирге аттанды. Албетте, Үзөңгү –Куушту кытайларга берүүдө “мээнет”кылып  кытайдын төртүнчү бөлүмү жана президент Акаев тарабынан сый көрүп Бишкек мэриясынын айланасындагы Киев көчөсүнөн Чүй көчөсүнө чейин имараттардын барын менчиктештирип алып, миллионерге айланган. Ошондуктан, анча –мынча партияга “кошёлок” болуп бергенден кайра тартпайт.

Темир Сариев солтонун “Жоо чалыш” уругунанмын деп жүрөт. Калмактар менен басташып турганда кыргыздар колго түшкөн калмактын балдарын бир жерге топтошкон, сарбагыштар “Жети кул”, “Калмакы” деген уруктарга топтосо, саяктар “Итимбоку”, “Котон” деген уруктарга,  солтолор “Жоо чалыштын” арасына топтошкон. Темир Сариевдин чоң аталары Жумгалда колхоздоштуруу болуп жатканда, Чүйгө көчүп келишип, “Жоо чалыш” уругун байырлап калышкан. Демек, Темир Сариевдин түбү чүйлүк эмес болсо да, ал трайбалисттик көз-карашын абдан өөрчүтүп, Чүйдө солтолор гана жашашы керек деген накта трайбалист.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости