www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Мындан үч жыл мурда университетти бүтөөргө жарым жыл калган кезде көп жылдан бери сүйүп жүргөн бала менен кыз-жигит болуп сүйлөшүп калдым.Мен аны аябай жакшы көрчүмүн, мурунку сүйлөшкөн кыздарын да билчүмүн. Көп кыздар менен сүйлөшсө дагы Нурданды жек көрө алган жокмун. Экөөбүздүн кыз жигит болуп сүйлөшүп калганыбызга курбум Адинай себеп болду. Жигитим курбум экөөбүздүн ортодогу таанышыбыз болчу. Мага караганда жигитим Адинай менен тамашалап, жакшы сүйлөшчү. Бир күнү үчөөбүз отурушка бардык. Ал жактан Нурдан менен Адинай күндөгүдөй эле тамашалашып, ойноп отурушту. Мен ичимен сыздап, өрттөнүп, кызганып жаттым. Бирок Адинай Нурданды жакшы көрбөөрүн билчүмүн. Билсем деле, кызганычымды тыя албадым.

Окуянын баары ошол отуруштан кийин башталды. Мен мындан ары унчукпай жүрө албайм деп, Нурданга болгон сүйүүмдү ачык эле айтып салдым, ал ойлонбой туруп эле “кел сүйлөшөлү” деди. Андайды күтпөгөн жаным, дароо макул болдум. Ошентип, элдин сүйүүсү жазында болсо, Нурдан экөөбүздүн сүйүүбүз кычыраган кышта башталды. Нурдан менен сүйлөшүп жүргөнүмдү Адинайга бир ай өткөндөн кийин айттым. Адинай бир чети кубанып, бир чети “жөн эле койсоң болмок” деди. Мен эмне үчүн экенин да түшүндүм. Себеби, Адинай Нурдандын көп кыздар менен сүйлөшкөнүн жаман көрчү, мени менен да сүйлөшүп туруп, таштап кетет деп ойлой берчи.

Адинай бир айтты, эки айтты, мен уккан жокмун. Жер жүзүндө менден башка бактылуу адам жоктой эле жүрө бердим. Курбум акыры тажадыбы, айтор эч нерсе деп айтпай да калды. Бактылуу күндөр күндөн-күнгө өтүп жатып, жаз келди. Экзамен, диплом деген баш оорутмалар башталды. Менин кесибим англис тилинен берген мугалим болгондуктан, дипломду өзүм жаза албайт болчумун. Дипломду жазбастан, апаман акча сурадым да бирөөгө жаздырдым. Окуудан чыгып дароо эле Нурдан менен жолугам.

Ошентип жүрүп, акчага жаздырган дипломду жактап, эл катарыь бир кесиптин ээси болдум. Диплом алганыма аябай сүйүнүп, кубанычым койнума батпай турдум. Бирок, окууну бүттүм, дипломду деги алдым, эми каяка барып иштейм деген ой келе баштады. Кесибим боюнча тажрыйбам жоктугуна байланыштуу аны менен иш таба албаарымды анык билчүмүн. Бир четинен кесибим менен иштегим да келбей койду. Анан тигүүчүлөр акчаны көп табат деп угуп калып, тигүү цехине барып, тиккенди үйрөнүп калдым.

Тигүү цехинде үйрөнүп жүрүп, иштеп да калдым. Бир күн кечке иштеп, кечкисин Нурдан менен жолугам. Ошентип, Орозо айы да келип калды. Жакшы ниет менен Орозо кармадым. Орозо башталаардын алдында Нурдан менен урушуп кеткем. Экөөбүз сүйлөшпөй, жолугушпай жүргөндө экөөбүздүн чогуу таанышыбыз ооз ачаарга чакырып калды. Ал жакка барып, ооз ачып, сүйлөшүп отуруп, үйлөргө тарадык. Үйгө кетип бара жатсам Нурдан телефон чалып “жолугалы азыр” деди. Мен макул болуп жолуктум. Нурдан менден кечирим сурап, өзүнө тарта баштады. Ошондо ыйык Орозодо Нурдандын кучагына кантип кирип кеткенимди билбей калдым.

Орозо бүтүп, өзүмдү жаман сезе баштадым. Бир нерсени шекшип, ооруканага барсам кош бойлуу экенмин. Сүйүнүп келип Нурданга айтсам, “азыр мен үйлөнө албайм, баланы алдыр. Эки жыл күт, ошондо үйлөнөбүз. Баланы алдыр, акчасын берем” деди. Ошондо анын айткан сөздөрү жүрөгүмө бычак менен сайгандай болду. Эмне дээримди билбей, оозумдан бир да сөз чыкпай койду. Нурдандын айткан сөздөрүнөн кийин көпкө ойлонуп жүрдүм. Курсагымдагы күнөөсүз наристени өлтүргүм келген жок. Көпкө ойлонуп жүрүп, мени көптөн бери жакшы көрүп жүргөн балага турмушка чыгып кеттим. Азыр Нурдан экөөбүздүн балабыз 2 жашка чыгып, башка бирөөнү “ата” деп жүрөт. Бирок азыркыга чейин Нуданды унута албай келем.

Булак: NazarNews.org

Последние новости