www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбековдун атына Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңеши тарабынан жергиликтүү соттордун бир катар судьяларын кызматтарынан жеке каалоосу боюнча бошотуу тууралуу сунуштар келип түшкөн.

Кыргыз Республикасынын Конституциясына жана мыйзамдарына ылайык, Мамлекет башчысы тарабынан төмөнкү судьялардын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу боюнча жарлыктарга кол коюлган:

— Чүй облусунун Аламүдүн райондук сотунун судьясы Берюева Анаркүл Декановнанын;

— Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун судьясы Субанкулов Адылбек Анарбековичтин.

Бул жарлыктар кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.

Булак: NazarNews.org

Последние новости