www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

БОЛГОН ОКУЯ:

Маңдайыма отурган, жашы алтымыштарга барып калган аял менен бир топтон бери кээ бир кечелерде жолугуп сүйлөшүп калам. Эртеден бери мага улам жалт карап, бир нерсе айтайын деп барып улам токтоп калып жатканын сезе койдум да, жанына келип:

-Эже, кандай жүрөсүз? Балдарыңыз чоңоюп жатабы?-деп ал-акыбалын сурадым. Менин жанына келгениме кубангандай:

-Сиңдим, мен сага бир жакшы нерсе айтып берейин деп эле ылайыктуу убакыт таппай калам. Сенин келгениңден кеткениң бат. Дайыма шашып кетип каласың. Бир окуя айтып берейин, гезитиңе жазып бербейсиңби? деди.

-Макул жазып берейин айтып бериңиз жүрүңүз анда аста эшикке чыгалы деп эрчишип эшик алдына чыктык. - Фаеге чыгып отурарыбыз менен көзүнө жаш ала мага бир жалт карап алды да сөзүн баштады. Биздин кошунабыз абдан жакшы аял. Болгону ал жездесине турмушка чыккан. Эжесинин ооруп калганына байланыштуу болуп калды. Бул нике кайып деген нерсе укмуш болот экен. Мына карасаң азыр кыргыздын кыздары кайда гана барып турмушка чыкпай жатат э. Фатима кошунамдын күйөөсү Сейитбек байке айылыбызда алдыңкы колхозчу табышкер жигит эле, Капысынан аялы Фатима катуу ооруп төшөккө жатып калды. Рахима деген жалгыз сиңдиси эжесин карайм деп биздин айылда жездесиникинде эки жыл жүрдү. Эжеси менен мен аябай жакшы мамиледе элем. Мен бир күнү учурашканы кирсем Фатима адаттагыдай коляскасында отурултур. Мени көрүп кубанып кетип:

-Эшикти жаба келчи? Сага кеңеш-йин деген ишим бар эле - деп жаңсап койду.

-Эмне болду? - деп жанына олтурдум.

 Бир чети кубанычтуу, бир чети ыйламсырап:

-Бермет, угуп турчу кечээ түш көрдүм жакшы болуп деле жыргатып кетпейт окшойм. Түшүмдө Сейитбек мага жаңы үйлөнгөндө алып келип колума салган мобу алтын шакекти сиңдим Рахимага өзүм салып, күйөөгө тийип кетпечи? Анда мени ким карайт? деп ыйлап жатыптырмын. Түшүмдөн жөн аян алган жокмун. Рахима менен Сейитбекти үйлөнүп алгыла деп айтсамбы деп жатам. Дагы бирөө Рахиманы ала качып кетсе ажырап калсам мени, балдарды ким карайт деп коркуп жатам. Сен ортоктош болуп бербесең болбойт. Бүгүн айтыш керек. Апамдар да Рахиманы чакырып жатышат деп көз жашын сүрттү. Мен дел боло түшүп кайра өзүмө келип:

-Кантип айтмак элек, биринчи Сейитбекти көндүрөлү дедим да коляскада олтурган Фатиманы сыртка сүйрөп жөнөдүм. Эшикте жүргөн Сейитбектин жанына барып, акыбал сурашкан соң Фатима түз эле:

-Сейит, менин сенде акым калган жок, Эки жылдан бери мен деп карып кеттиң. Сага үйлөнгөнгө уруксат берейин деп чечтим - деди. Чочуп кеткен Сейитбек тамашаңды койчу. Жакшы болуп кетесиң деген жообун аягына чыгарбай эле оозунан сөзүн жулуп алган Фатима:

-Сейитбек аялды да таап койдум. Мен түшүмдөн аян алдым жок дебе. Сейитбек көчөгө чыгып кел. Биз Рахима менен сүйлөшүп макул кылалы дедик. Үйгө кирсек Рахима эч нерседен бейкапар, камыр жууруп жаткан экен. Мен кирип эле бетинен өөп, Рахима рахмат сага эжеңди таштабай карап, балдарына эже да эне да болуп калдың эки дүйнөдө эжеңдин сенде арманы жок дегенимде эле, Фатима шордуу бакырып ыйлап жиберди. Рахима эже сизге ыйлаганга болбойт деп кучактай калды.

Буулуккан Фатима: - Рахымым, мени таштап кетпе. Мен түнде түшүмдөн аян алдым. Колумдагы жездең берген мобу алтын шакекти сата өзүм тагып жатыптырмын. Менин бул абалымда жездең баары бир аял алат. Мобу эки жээниң өгөй эненин колунда кантип жалдырап калат. Мени болсо коляскам менен сүйрөп сенин колуңа салып берет. Мен сенин күйөөңө батмак белем. Жездеңе эле турмушка чыгып ал менин санаам тынч өлөйүн деп буркурап ыйлады. Эже-сиңдинин ошондогу ыйлагандары азыр да жүрөгүмдү зыркыратат. Ушул окуяны бир гезитиңе жазып койсоң жеңилдеп калат элем деп эже да качанкы бир окуясын эстеп көзүнө жаш алды да Кудайым кызды жалгыз кылбасын деди. Мен да кызыгып кетип:

-И-ии, анан эмне болду? Макул болдубу? - Ооба, сиңдиси макул болду, эжесин кыйып кайда барат эле. Эмне деген жооп айтат. Сүйлөшүп жүргөн жигитим бар дебесе болду деп бер жакта туруп менин жаным чыгып кетейин деди.

-Шуу үшкүргөн Рахима болдуңузчу эже, мен сиздин сөзүңүздү эки кылбайын, эгер тагдыр никемди жездеме буюруп койсо, сизди кантип таштайм дебеспи. Фатиманын ошондогу сүйүнгөнүн айтпа. Шордуу а-ай, жер жарылып кетейин деди го чиркин. Сиңдисинин колунан өпкүлөп калчылдаган колдору менен жанталашып колундагы шакегин чечип жатканда Рахима:

-Жок эже, өз шакегиңизди өзүңүз тагыныңыз. Жездем сиздин да күйөөңүз да деп колуна кайра салды. Ошентип Рахима жездесине турмушка чыгып эжесин да, балдарын да багып, өлөт деген эжеси жетимиштен ашып, андан кийин кырк жылдай жашап кала берди. Сейитбектин каза болгонуна эки эле жыл болду. Рахима болсо азыр дагы деле бар өзү төрт балалуу болду. Эже-синин эки баласы сыйлап турушат. Рахиманын боорукерлигине акылына, токтоолугуна ушул күнгө чейин таң берем деп бир үй-бүлөнун бактысына ортоктош болгон Бактыгүл эже сөзүн аяктады. Мына окурман нике кайып деген ушундай керемет нерсе экен...

Булак: Шамбала

Последние новости