www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Фейсбук колдонуучусу Азамат Алмазбек уулу  8-мартта болуп өткөн Аялдардын эл аралык күнүндө «Аялдардын шериктештик маршы» тууралуу "Азаттыктын" кабарчысы Ыдырыс Исаковго жооп кайтарды. 

Ыдырыс Исаковко жооп.

1)Кыргыз илгертен гей болгон, китеп окубайсыңар аны билбейсиңер дейт.

Кыргыз эч качан гей болгон эмес. СССР тарап дүйнөдө ааламдашуу процесси жүргөндө, батыштын канализация тарабынан келген бул жаман адат. Кыргыз тарыхта да гей болгон деген сөзүңдү далилдеп бер, далилдей албасаң жок эле дегенде күнөөңдү сезип кечирим сура!

2) Мусулмандардын ордосу болгон Сириядан Рим тарапка жаш балдар сатылып турган дейт.

Кайсы китептен кайсы тарыхтан ким жазган тарыхтан окудуң. Окуган болсоң да анын канчалык чындыгы бар? Мусулмандарга каршы канчалаган тарых бурмаланган билбейсиңби?

3) Азыркы учурда Афганистанда сакалы көкүрөгүн жапкан аксакалдар жаш балдар менен ушул ишти кылышат экен.

Өзүң көрүп келдиңби ушул нерсени. Далилиң барбы ушинтип айтканы? Же мусулмандарга каршы өзүңдүн кесиптештериң жасаган материал аркылуу көрүп алып сүйлөп жатасыңбы?

4) Султан Сулейман да сойкулукту жоё алган эмес.

ЛГБТ менен сойкулуктун айырмасын билбейсиңби? Анан мусулмандарга асылганды качан токтотосуң?

5) Коррупция ЛГБТдан да коркунучтуу.

Причём тут коррупция. Же коррупционер жаман деп койсоң эле эл ой азамат чыныгы элге күйгөн бала деп айтат десең жаңыласың.

6) Кечээ күнү аялдар коррупционерлер камалсын деп чыкты депсиң.

Ыдырыстын логикасы боюнча кечээги митингдин чоң пайдасы болмок экен. Митингдин жыйынтыгы менен экономика өсүп, айлык көтөрүлүп, аялдар бир сөз менен айтканда "боп" кетет экен эле. Бирок кечээ аялдар коррупциянын "К"сын да айтышкан жок.

7) Россияда да гейлер толтура, кыргыз мигранттар ошолордун үйүн куруп, ошолорго кызмат кылып акчасын алып анан гейди жаман дейсиңер, силер күйгүздүңөр дептир.

Гейге кызмат кылган эч ким жок. Мигранттарда намыс бар. Эмне иш кылып атат кимдин ишин кылып атат аны жакшы билишет.

Кыргыздын тарыхын бурмалап ата бабабыз гей болгон деп айтканы үчүн. Жалпы мусулмандарды себепсиз жамандаганы үчүн. Мигранттар гейге кызмат кылып жүрүп аларды жамандашат дегени үчүн Ыдырыс Исаков жоопко тартылсын.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости