www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Адаттагыдай иш күнү. Жаны тынбай ары- бери  кагазын колуна кармап  чуркаган эле киши... Адамдар бири-бирине көңүл бөлүүдөн калып, азыркы мезгилде адам өзүн эле ойлоп, жалгыздык коркунуч жаратпагандай сезилет...

Жолдошум экөөбүз турмуш курганыбызга быйыл так үч жылдын жүзү болот экен. Демек, үч жылдан бери Асан менен бир түндүк астында, бир үй-бүлө болуп жашап келет экенбиз да көрсө... Ойлосом, бир үйдө жашап анда- санда гана бетме-бет отурган учурлар үч жыл ичинде саналуу гана эле. Үй-бүлө бир дасторкон үстүндө тамактанып,  ар дайып эриш-аркак жүрөт деп укканым бар болчу, бирок ар бир адамдын жашоосу ар кандай өңүткө өзгөрөт тура. Асан экөөбуз ушул жерде чогуу иштеп жүргөн кезде мамилебиз жарашып, сүйлөшүп жүрдүк. Ал кез мен үчүн эң кымбат, кайрылып келбес учурлар болгон. Азыр ошонун бирида жок.  Ал экөөбүз үйдө кокустан жолугуп кала турган даражага жеттик окшойт.   Мунун баары эмнеден улам башталганын деле билбейм... Эмне себептен экөөбүздүн арабыз алыстаганын ойлоп- ойлоп эч негиз табалбай келем ушул убакка чейин.

Асан компаниянын  реклама бөлүмүндө иштейт, мен болсо дизайн бөлүмүндө. Түшкү тыныгууда кино көрүп, тамактанып,  келечегибиз жөнүндө кыял курууга да жетишээр элек. Асанды башкы офиске которгондо “жакшы иш болду, эми кыска убакыттын ичине эле керектүү сумманы чогултуп чет өлкөгө кетебиз”-  деп жайнаган көздөру дагы эле эсимде. Мунун баары жанымды кыйнап бүттү. Эмнеси болсо да жолдошум менен мамилебиз солкундап калганы жөнүндө сүйлөшүүгө бел байлап, жумушунан суранып келүүсүн өтүндүм. Кайдан, анда да түнкү он бирде аран келди. Бааарибр сүйөшүүгө көндүрүп, экөөбүз столдун эки бурчунда отуруп калдык. Кызык... Асан аябай өзгөрүп кетиптир, көздөрүнөн байкалып турду. Экөөбүздүн азыркы  турмушубуз кандай жашоо, эмнеге мамилебиз бузулду, кантип бул даражага жеттик деп сурай бердим. Унчукпайт, жооп жок. Экөөбүздүн тагдыр мени эле ойлонтобу деп ызам күчөдү.  Бир ооз сөз айткан жок. Тан калдым. Эмнеге мындай? Мындай мүнөзун жок эле го деп кайра сөз баштадым.

“Мен, жашоо кандай кымбат жана кыска экенин түшүндүм. Жашоонун өзгөчөлүктөрү жана көптөгөн сырларга бай жактарын билдим. Адамдар менен чөйрөдөгү нерселерге карап жашоомду башка нукка бургум келди. Ооба, сени менен таанышкан күндөр жакшы элестер бар. Ошол кезде сени жактырганым чын. Билбейм эмнеге бирок жан дүйнөм башкача болуп жатты. Жаңы нерселерге түрткүлөдү. Сен да мени түшүн сезимдер да өгөрөт экенда” – дегенде эч нерсе айталбай туруп калдым. Мени таң калтырганы ушул сөздун баарын көзүмө тике карап эмоциясы жок, жүрөгү таш болуп калган көздөрү менен айтып жатканы болду. Экөөбүз бир үй-бүлө боло албайбыздеп туруп кетти. Ошондон  бери канча күн өттү өзүмө келе албай суроолор биринин артынанан бири жаралат. Баса, ошол күндөн кийин Асан үйгө келген учурда мени көрсө абалымды сурап, жумуштарын кандай деп сурап калчу болду.

“Эми жөнөкөй кадимки жашоо менен жашай берсек болот. Мен да ачыгын айтып көңүлүм жай” дейт ал ачууга алдырып эмнеге? Кайсы чындык? Деп ызы-чуу салдым. Мага эч кандай сезими жоктугун, ал сүйүүнү эми башкача элестетип, жашоосу таптакыр мен ойлобогон жакта башка кыялдар менен жашап жатканын улам айта берди. Анын азыркы жашоодон бир топ айырмаланган башка жашоосу бар экен айтышынча. Күн сайын ушинтип кайра-кайра ушул тема боюнча айтышып калдык. Мындан улам жумуштан да кеттим. Асанга болгон сезимдерим ошончо иреничтүү сөздөрдү уксамда эч өзгөргөн жок. Аны азырда жакшы көрөм. Көңүлүм калган жок. Асандын мени жактырбашына көзүм жетсе да.

Өзү курган башка жашоосу болсо да, мени мурдакыдай ушул үйдө чогу жашай бер, кетпей эле мага ыңгайлуу эле деп эч нерсе болбогондой бирге жашай берүүмдү айтып жатат...

Булак: NazarNews.kg

Последние новости