Маалыматка ылайык, бардык балдар стационарлары штаттык режимде иш алып барууда жана эч кандай “Балдар эпидемиясы” жок.

– Бишкекте COVID-19 илдетине чалдыккан бейтаптар Республикалык клиникалык жугуштуу оорулар ооруканасында жана Бишкек шаарындагы №6 клиникалык ооруканасында дарыланып жатышат. №6 клиникалык оорукананын жетекчилигинин айтымында, 120 койко-орундуктун ичинен 42си бош.

– Республикалык клиникалык жугуштуу оорулар ооруканасында 204 койко-орундук COVID-19 илдети менен ооругандарга даярдалган. Анын ичинен 150 орун бош.

– Бишкек шаарындагы Медициналык тез жардам балдар клиникалык ооруканасынын жетекчилигинин маалыматына караганда, жалпысынан 400 койко-орундук даярдалып, анын ичинен 60га жакыны бош турат.

– Саламатык сактоо министрлигинин Ысык-Көл облусундагы координаторунун милдетин аткаруучу Мира Кыдырбаеванын айтымында, облус боюнча балдарды кабыл алуу үчүн жалпысынан 121 койко-орундук даярдалган, анын ичинен 115и бүгүнкү күндө бош турат.

Булак: NazarNews.kg