www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары Болот Ибрагимов Кыргыз Республикасынын мамлекеттик статистика органдарынын түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына арналган мааракеге катышты. Иш-чарага «Ала-Тоо» депутаттык тобунун жетекчиси Талайбек Масабиров да катышты.
Өз сөзүндө Болот Ибрагимов статистика органдары өлкөнүн тарыхында маанилүү орунду ээлей турганын белгилеп: «Бул даңазалуу дата – өлкөбүздүн тарыхындагы маанилүү этаптардын бири. 1926-жылы негизделген статистика органдары бир кылым аралыгында татаал, бирок даңктуу жолду басып өтүп, бүгүнкү күндө мамлекеттик башкаруунун ажырагыс бөлүгүнө айланды», – деди.
Мындан тышкары, Төраганын орун басары 1994-жылы статистика органы өз алдынча, көз карандысыз институтка айланганын жана Улуттук статистика комитетине өзгөчө статус берилгенин белгилеп, бул чечим статистиканын объективдүүлүгүн камсыз кылууга жана эл аралык стандарттарга шайкеш иш алып барууга шарт түзгөнүн кошумчалады.
Ошондой эле Төраганын орун басары Болот Ибрагимов статистиканын коомдогу ролуна токтолуп: Статистика – бул жөн гана сандар эмес. Бул коомдун реалдуу абалын чагылдырып, келечекке багыт берген негизги инструмент. Ар бир туура чечимдин артында так жана ишенимдүү маалымат турат», – деп баса белгиледи.
Муну менен катар Болот Ибрагимов белгилегендей, бүгүнкү күндө санариптик технологиялардын өнүгүшү статистикалык ишмердүүлүктүн мазмунун өзгөртүп, маалыматтарды ыкчам чогултуу жана кеңири коомчулукка жеткирүү сыяктуу жаңы талаптарды коюуда.
«Ал эми Жогорку Кеңеш статистика тармагын өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл буруп келет. Анткени мыйзам чыгаруу ишинде сапаттуу статистикалык маалыматтар негизги булак болуп саналат. Депутаттар өз ишмердүүлүгүндө дал ушул статистикалык көрсөткүчтөргө таянат», – деди Төраганын орун басары.
Жыйынтыгында Болот Ибрагимов статистика тармагында эмгектенген кызматкерлерге ыраазычылык билдирип, аларга чын ден соолук жана ийгиликтерди каалады.