www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Болот Шердин сөөгү качан, кайда коюлары айтылды

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Болот Шердин сөөгү Талас облусунун Манас районуна караштуу Чоң-Капка айылында жерге берилет. Бул тууралуу анын бир тууган иниси, ЖК депутаты Садык Шер-Нияз Facebook баракчасына жазды.

"Баатырыбыз дагы, асылыбыз дагы Бокемден айрылып калдык... Коштошуу зыйнаты (өзүнүн керээзи боюнча) Талас облусунун Манас районуна караштуу Чоң Капка айылында 23-июнда саат 11:00дө өтөт", - деп жазды Садык Шер-Нияз.

Белгилей кетсек, бүгүн, 21-июнда экс-депутат Болот Шер 61 жашында ооруканада көз жумду. Ал 12-июнга караган түнү инсульт алып ооруканага түшкөнү маалымдалган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости