www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

NazarNews маалымат агенттиги Жогорку Кеңештин депутаты Марлен Маматалиев менен байланышып, Саймаитинин өлүмү жана ал берген маалыматтардын аныгын иликтеген парламенттик комиссиянын чыгарган чечими боюнча пикирин уктук.

--Марлен Абдрахманович, “Айэркен Саймаитинин өлүмүн жана Кыргызстандан чыгарылып кетти” деген “700 миллион долларга Матраимовдордун бюджетке тиешеси жок” деген чечимди парламенттик комиссия чыгарды. Комиссиянын корутундусуна канааттандыңызбы? Алар кортундуну кимдир бирөөнүн кызыкчылыгына ылайыктап чыгарып беришкен жокпу? 

--Айэркен Саймаитинин берген маалыматына жана анын сырдуу өлүмүнө байланыштуу депутаттык комиссия  түзүлсүн, ачык-айкындык орун алсын, эч нерсе көз жаздымда калбасын деген чечим менен депутаттык комиссия түзүлгөн.

Мен депутаттык комиссиянын берген маалыматына ишенбейм, чыгарган жыйынтыгынан күмөн санайм дегенден алысмын. Анткени, парламенттик комиссиянын курамында принципиалдуу адамдар кирген. Алар кимдир бирөөнүн кызыкчылыгына ылайык чечим чыгарып бербейт деп ишенем. Ошондой эле мени Улуттук банктын төрагасынын жообу ынандырды.

Мен Толкунбек Абдыгуловду эбактан бери билем. Ал кандай маселе болбосун ачык айтып, ак сүйлөйт. Акты ак, караны кара деп айтат. Толкунбек Абдыгулов чыгып кетти деген 700 миллион доллар бюджеттин акчасы эмес экенин, ал каражат Өзбекстандын базарындагы соодагерлердин жана Кыргызстандын базарларында иш кылган ишкерлердин каражаты экенин далилдеп берди. Көрсө, мындай операциялар бизде көп эле болот экен. Болгону биз билчү эмес экенбиз. Азыр баары ачыкка чыкты, көп нерсе билинди.

Мен бюджет комитетинде болгондуктан, бул маселе көтөрүлгөндө эле ал каражаттын бюджетке тиешеси жок экенин билгем. Бирок бул каражаттар боюнча түрдүү ойлорго, кептелгем. Контрабандадан түшкөн каражатпы же ишкерлердин каражатыбы деген божомолдор пайда болгон. Азыр күмөн санаткан нерсенин баарын аныгын  билдим... 

--Ошондо “Азаттык” тыкыр иликтебей эле резонанс жараткан маселени жарыялап жибергенби?

--Негизги эле “Азаттык” болобу же башка журналисттер болобу бизде сөз Конституция менен бекемделген сөз эркиндиги бар. Ошон үчүн ар ким өз билгенин айтып, түшүнгөнүнө жараша маалымат берет.

“Азаттыктын” иликтөөсү коомчулукту дүрбөлөңгө салганы менен жакшылап эстеп көрсөңөр ал каражатты Матраимовдор алып чыгып кетти деп так айткан эмес. Тагыраагы, “мүмкүн” деген сөздү көбүрөөк айткан. Бирок ыңгайын абдан келтиришип, ал каражатты Матраимовдорго маданияттуу жармаштырышкан. Ошон үчүн ал иликтөөнү көргөн адамдын баары 700 миллион долларды Матраимовдор алып чыгып кеткендей кабылдашкан.

Ушундай жагдайдан улам ал каражаттын Матраимовго тиешеси барбы же жокпу так айтып койгулачы деп парламенттик комиссия отчётун берип жаткан учурда тийиштүү адамдарга кайрылдым. Финансылык полициянын өкүлүнөн жана улуттук банктан тиешеси жок деген жооп алдым. Мен ойлойм. Парламенттик комиссиянын корутундусу менен бул маселе жабылышы керек.   

--Рахмат!

Эске сала кетсек, Кыргызстандан 700 миллион доллардан ашуун каражат чыгарылып кеткени жар салынып, журналисттик иликтөө өлкөдө ар кандай талкууну жаратып депутаттык комиссия түзүлгөн. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости