www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

КСДП бирдиктүү талапкер катары президенттик шайлоого Сооронбай Жээнбековду көрсөтүп атса, бир жагынан Чыныбай Турсунбеков жыра тартып, карты чыгып келгени кандай? Ошого катар партия ичинен дагы өз ара бөлүнгөн топтордун да «былгышканы», ынтымактын жоктугу даана байкалууда. Мындан улам бир идея келип турат. Эгерде КСДП ажолукка талапкер катары УКМКнын орун басары Болот Сүйүнба­евди көрсөткөндө, ички интригаларга чекит коюлуп, ыраатгуу

жүрүшкө жол чабьшмак. Бир жагынан бул кадрды Москва да жактырып, о.э. Кыргызстандын түндүк-түштүк регионунан чыккан тыңчыкмалардын дээрлик көпчүлүгү колдошмок. Кыргыз эли ар дайым жаңылыкка суусап турат эмеспи, мындай таза, харизмалуу фигурага кызыгуу артышып, жапатырмак бурулуп кетиши мүмкүн эле. Эми бу саам Бокени көрсөтүшпөсө, кийинки так талашта багы жанып калаар. «Аккан арыктан суу агат» дегендей, эл башкарган Ахматбек Сүйүнбаевдин жакындарынан бирөө чыгыш керек эле. Болот мырза бул жагынан даана көзгө көрүнүп, болуп-толуп турган чагы.

Булак: "АЗИЯньюс"

Последние новости