www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Учурда кур жалаа менен УКМКнын абагында кармалып, бирок, бир да күнөөсү тастыкталбай, эми тескерисинче бийликти бушайман түшүрүп жаткан ЖК нын депутаты, белгилүү саясий ишмер Өмүрбек Чиркешович Текебаев президенттикке талапкерлигин койду. Анын документтери каттоо үчүн БШКга жөнөтүлдү. ЖКнын Ата Мекен фракциясынын депутаты А.Шыкмаматовдун билдирүүсү боюнча, 19. 06. 17. күнү бул тууралуу маалымат жыйында жалпыга кенен кабарланат.

Эми БШК он күндүн ичинде Ө.Текебавди президенттикке талапкер катары катташы керек. Юристердин айтымында БШКнын 30 миң кол чогултуш керек деген шарты мыйзамсыз.

Бул кезге чейин Ө.Текебаев 2000-жылы президенттикке талапкер катары шайлоого катышып, утуп алганы менен, элдин добушун бийлик бурмалап, жыйынтыгында А.Акаев 75 пайыз менен утуп чыккан деген кеп эл оозунда ушул күнгө чейин тарых болуп айтылып келет.

Мүмкүн арадан 17 жыл өткөндөн кийин калыстык орноп, боордош казак элинин акыны Ауыт Мұқибек мырза айткандай, "Мандатсыз президент" Өмүрбек Текебаев шайлоодо элдин колдоосуна эгедер болуп, жеңип чыгаар.

Балким, Өмүрбек Текебаевден атаандаш катары корккон бийлик аны УКМКнын абагына жалаа жаап камагандай, эми президенттик шайлоого да катыштырбоонун аракетин көрүп, дагы бир шылтоолорду ойлоп чыгышабы? - деген сыяктуу ойлорго Ө.Текебаевдин үстүнөн ушунчалык ылдамдыкта жүрүп жаткан соттук процесстер түрткү болууда. Максат аны тезирээк соттун чечими менен камап салып, шайлоого катыштырбай коюу окшойт деген пикирлер учурда эл арасында көбүрөөк талкууланууда.

Бүгүн президент Алмазбек Атамбаев мырза тарыхта шайлоону акыйкат өткөрүп, өз убагында бийликти тынчтык жолу менен алмаштырган, калыс эл башчысы катары калуусу үчүн Конституциянын гаранты катары бардык президенттикке талапкерлерге бирдей шартты түзүп бергени оң, антпесе шайлоонун жыйынтыгына эл арасында нааразычылыктар туулушу мүмкүн деген да божомолдор бар.

Шайырбек Абдрахман

Булак: NazarNews.kg

Последние новости