www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Сот залынан чыккан журналист Болот Темиров жалпыга маалымдоо каражаттарына жана элге процесске жакындан көңүл бургандыгы үчүн ыраазычылык билдирди. Анын пикиринде, бул соттун адилеттүү чечим чыгаруусуна чоң салым кошкон.

«Мени колдогондордун баарына рахмат. Андай болбосо, соттун мындай чечими чыга албайт болчу. Сот көз карандысыз чечим чыгарды деп эсептейм. Балким, бул соттордун көз карандысыздыгы үчүн жасалган биринчи аргасыз кадам болгондур», - дейт Болот Темиров.

Ал белгилегендей, ал паспорт алууда жалган маалыматтарды колдонгондугун таануу боюнча өкүмгө каршы даттанат.

Журналист ошондой эле ага каршы баңгизат боюнча ишти бурмалоого катышкандардын бардыгын жазалоону ниеттенет.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости