www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Билим берүү жана илим министри Болотбек Купешев Бишкек шаарынын райондук билим берүү борборлорунун жана жалпы билим берүү уюмдарынын жетекчилери менен кеңешме өткөрдү. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, кеңешмеде баш калаадагы мектептерде окуу процессин уюштуруу, анын ичинде окуучулардын окууга кызыгуусун арттыруу, мугалимдерди аттестациялоо, жалпы билим берүү уюмдары үчүн орус тилинде окуткан мугалимдерди даярдоо маселелери талкууланды.
Мектептерде маалыматтык-коммуникациялык технологиялардын каражаттарын техникалык жактан колдоону уюштуруу үчүн «Жалпы билим берүү уюмдарынын болжолдуу типтүү штаттарына» өзүнчө системалык администратор кызмат ордун киргизүү, Жалпы билим берүү уюмдарынын электрондук журналдарын жүргүзүү, сактоо жана архивге өткөрүү жөнүндө жобону иштеп чыгуу сунушталды.
Министр бардык сунуштар көңүл сыртында калбай тургандыгын, «бардык маселелер мектептин пайдасына чечилерин» билдирди.
Булак: NazarNews.kg