www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Борбор Азия мамлекеттеринин президенттеринин Кыргызстанда пландалган кеңешүү жыйыны Түркмөнстанда өтүшү мүмкүн. Мындай сунушту расмий Ашхабад өзү киргизгенин Өзбекстандын тышкы иштер министри Абдулазиз Комилов "Дунё" маалымат агенттигине айтты.

"Биз Кеңешүү жыйынынын теңтөрагасы катары Түркмөнстандын сунушун колдоп-кубаттайбыз. Жыйын кеңири жана мазмундуу болот деп үмүт кылабыз",- деди Комилов.

Ал Түркмөнстандагы саммиттен кийинки жыйынды Бишкекте өткөрүү маселесине кайтса болорун белгиледи.

Борбор Азия мамлекеттеринин президенттеринин саммитин уюштурууну Өзбекстандын мамлекет башчысы Шавкат Мирзиёев сунуш кылып, алгачкысы 2018-жылы Казакстанда өткөн. 2019-жылы Ташкентте уюштурулган. Үчүнчү саммит 2020-жылдын августунда Бишкекке өтүшү керек эле, коронавирус пандемиясынан улам 2021-жылга калтырылган. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости