www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Борбор Азиядагы эң ири суу спорт борбору Алматы облусунун административдик борбору Талдыкоргон шаарында 27 миң чарчы метр аянтка курулуп жатат. Бул тууралуу казак басылмалары жазып чыкты.

"Комплекстин курулуш иштери аяктайын деп калды жана ушул жылдын июль айынын аягында пайдаланууга берилет. Дүйнөлүк деңгээлдеги бассейн күнүнө 750 адамды кабыл ала алат. 27 миң чарчы метр аянтка курулган спорт борборунда 4 бассейн бар, алардын экөөсүнүн узундугу 50 метр жана туурасы 25 метрден турат, ошондой эле балдар үчүн өзүнчө бассейн жана сууга секирүү жайлары бар.

Бассейндерден тышкары, борбордо жаңыдан баштагандар үчүн атайын “ванналар” орнотулат жана медициналык пункт, кургак бассейн залы, спорт залы, буфет ж.б. каралган. Долбоорду иштеп чыгууда анын ар тараптуулугуна жана коопсуздугуна көп көңүл бурулган", - деп жазылат маалыматта.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости