www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Нью-Йорктун райондорунун бири болгон Манхэттендин бутиктери караңгыда тонолгондон кийин америкалыктар нааразычылык билдирип чыгышты. Бул тууралуу РИА Новости кабарлады.

Спорттук буюмдар дүкөндөрү, тиричилик техникасы жана зергер буюмдары каракчылардын көңүлүн бурду. Жалпысынан калаа тургундары товарларды 10дон ашык соода түйүндөрүнөн алып кетишкен.

Түнкүсүн көчөлөрдө калган демонстранттардын чакан топтору саат 23: 00дөн баштап (Бишкек убактысы боюнча саат 9.00) шаарда киргизилген коменданттык саат режимин бузушкан.

Аймакта тополоңду токтотуу үчүн көптөгөн полиция бөлүмдөрдүн полиция кызматкерлери жиберилген.

Чикагодо бир топ америкалыктар өтүп бара жаткан поездди сүзүп кетишти. Окуянын видеосу Интернетте жарыяланды. Видеотасмада каракчылардын айрымдары жабдууларды жана башка буюмдарды поездден ыргытып жиберишкени, калгандары анын артынан чуркап, буюмдарын алып кетишкени көрсөтүлгөн.

Тополоң, вандализм жана полициянын кол салуусуна байланыштуу нааразычылык акциялары АКШнын ондогон шаарларын камтыды. Буга Миннеаполисте (Миннесота) афроамрикалык күзөтчү Джордж Флойддун одоно камалышынан кийин каза болгону себеп болгон. Кагылышуу учурунда эки полиция кызматкери октон жаракат алып, алардын бири көз жумган. АКШ бийлиги полиция менен болгон атышуулар же укук коргоо органдарына коркунуч келтирүү ички терроризм актысы катары каралаарын айтты.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости