www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Блогер Элмир Сыдыманга карата кылмыш иши козголду. Ал аймак аралык кастыкты козуткан деп айыпталып, 6 жыл эркинен ажыратуу сунушталууда. Бул тууралуу жактоочу Али Магеев журналисттерге билдирди.

"Биз видеону көрсөттүк, анда Элмир Сыдыманды жек көргөн интернет колдонуучулар ушуга жеткиргендиги көрүнүп турат. Экспертиза өткөрүүсүн сурандык, бирок сот видеону көрбөй туруп, баш тартты. Тарапташтардын талашып-тартышуусунан кийин прокурор Элмир Сыдыманды 6 жылга эркинен ажыратууну суранды", - деди блогердин жактоочусу Али Магеев.

Эске сала кетсек, блогер быйыл 18-февралда Бишкектеги №1 тергөө абагына камалып, 28-февралда үй камагына чыгарылган.

Ага Жазык кодексинин 313-беренеси "Расалык, улуттук, диний же аймак аралык кастыкты (араздашууну) козутуу") боюнча айып коюлган.

Сыдыманов Инстаграмда "Sydyman" деген ат менен белгилүү. Ал буга чейин өзүнүн баракчасы аркылуу түз эфирде Кыргызстандын айрым облустарында колдонулган сөздөрдү сындаган. Анын сыны коомчулукта кызуу талкууга алынган. Кийин өзү жаңылганын мойнуна алып, кечирим сураган. Апасы президент Сооронбай Жээнбековго кайрылып, уулу кастыкка чакырбаганын айткан жана анын ишине калыс көзөмөл жүргүзүүнү өтүнгөн. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости