www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкекте көчөлөрдү жарыктандырууну этап-этабы менен өчүрүү иштери кызуу маалда киргизилет. Бул тууралуу борбор калаанын мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.

"Катуу сууктан улам Бишкек шаарында электр энергиясын керектөө бир топ көбөйүп, бул электр тармактарынын жабдууларына ашыкча жүктөм алып келүүдө", — деп айтылат маалыматта.

Буга байланыштуу “Бишкексвет” ЖК “Чоң аварияларды, электр жабдууларынын иштен чыгышын алдын алуу жана түн ичинде көчө жарыгы жок жол кырсыктарынын коркунучун эске алуу максатында” электр жарыгы күчөгөн маалда этап-этабы менен өчүрүлүп жатканын билдирди.

Ошондой эле бульварларда, сейил бактарда, аянттарда, веложолдордо жарыктандырууну, түнкү жарнак такталарды жарыктандырууну энергосистемадагы абал турукташканга чейин өчүрүшөт.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости