www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кылмышкерлер Афганистандан чыккан "Алланын көз жашы" аттуу суюк формадагы героинди жүгүртүү үчүн атайын каналды түзүшкөнү белгилүү болду. ИИМдин баңгизатты мыйзамсыз сатууга каршы күрөшүү кызматы Афганистан, Тажикстан жана Канаданын жарандарынан турган трансулуттук баңги тобунун мүчөлөрүн колго түшүрдү. Бул тууралуу ИИМдин маалымат кызматынан кабарлашты. ИИМдин баңгизатты мыйзамсыз сатууга каршы күрөшүү кызматы Афганистан, Тажикстан жана Канаданын жарандарынан турган трансулуттук баңги тобунун мүчөлөрүн колго түшүрдү - деп жазат Sputnik.

Билдирмеге караганда, аталган топ Афганистандан чыккан "Алланын көз жашы" аттуу суюк формадагы героинди жүгүртүү үчүн атайын канал түзүшкөн. Баңгизат Афганистан (Желалабад шаары) — Тажикстан (Кожент шаары) — Кыргызстан (Бишкек шаары) маршруту аркылуу жүк ташуучу унаалар менен шире катары өткөрүлүп турган.

"Андан кийин "Кыргызстандан чыккан бал" катары атайын идиштерге куюлуп, аба жолу аркылуу Канаданын Торонто шаарына жеткирилип турган. 2018-жылдын 12-мартында оперативдик издөө иштеринин алкагында Афганистан менен Кыргызстандын жарандары кармалды. Алардын батиринен ширелердин эки литрлик сегиз желим бөтөлкөсү табылды. Алардын ичиндеги суюктуктун түбүнө күрөң түстөгү зат уюп калган. Таразага тартканда 17 килограмм 695 граммды түзгөн", — деп айтылат маалыматта.

Мындан тышкары, батирден "Кыргызстан балы" деген жазуусу бар желим бөтөлкөлөр жана аларды жабыштырууга ылайыкталган электр үтүктөрү табылган. ИИМдин криминалдык башкармалыгы чыгарган бүтүмгө караганда, алынган каражаттар баңгизаты болуп эсептелет. Аталган факты боюнча Кылмыш жаза кодексинин 247-беренесинин 2-бөлүгү (баңгизатын мыйзамсыз түрдө сатуу, жүгүртүү, сактоо) боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө иштери жүрүп жатат.

"Алланын көз жашы" деп аталган баңги суюктугу бир нече жыл мурда Афганистанда пайда болгон. Кылмышкерлер героинди жашыруу үчүн ар кандай товарлардын түрлөрүн колдонушкан. Анын биринчи партиясы 2008-жылы Афганистандан кармалган.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости