www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Сиз элден башкача "клиент" экенсиз...

Биздин эс алуучу жайлардын “сервиси” жагат. Мына өткөн жылы эс алганы барып кьмбат мейманканадан орун алып ичине кирсем, менден мурунку жашап кеткендерден кийин жыйнала элек экен. Мен администраторго чалайын деп мейманканын телефонунун туткасын кармагыча болбой, телефондун коңгуроосу чырылдап калды. Алсам:

-Саламатсызбы? Жакшы жайгашып алдыңызбы? Сизге кыздар керекпи?

Мына сага, бизде дагы туристтерди тейлөө өнүгүп калган экен. Шарты жакшы түзүп калыптыр деп кубанып калдым. Бөлмөнүн ичин карап өтө эле тополоң болгондой көрүнгөнүн мен ал кызга: Эки “горничный” жөнөтүңүз,- дедим. Назик үн менен: Түшүндүм.

Мен телефондун туткасын койгуча болбой эшик тыкылдап калды. -Кириңиз,- дедим.

Эшикти эки модел кыздар ачып мени карап турушат. Мен таң калдым. Бөлмө жыйнаганы толугунан келген апаларды алчу эле, мунусу эмнеси деп. Эс алуучулар көп келсин деп “горничныйларды дагы моделдерден ашып калышканбы де­ген ойдо калдым. Аңгыча бирөөсү: -Охо, сиз эркектердин алпысыз го. Ушул жашыңызда эки кызды чакырып.(Менин жашымдын алтымыштан ашып калганы агарган чачыман эле билинип турат) Экинчиси жамбашьш эле жапкан кыска юбка кийип алыптыр. Ал: -Чоң жигит, сиз канча саатка аласыз? Мен белмөнү айландыра карап:

- Эки саатта жетишесиңерби?- дедим. Алар мени андан бетер тамшануу менен карап:

-Мейли, эмнеден баштайбыз? Мен бирөөсүнө кол жаңсап: -Сен ваннадан. Экинчисине: Сен уктоочу белмөдөн баштагыла,- дедим. Алар таң калып:

-Сиз кайсыл жакта болосуз? -Мен балкондо айлананы карап турам.

Аа, сиз жен эле карап туруп рахат алчулардансызбы? Сизди бүт мейманкана көрөт.

-Мен ошону жакшы көрөм. Карай бершсин. Силер баштай бергиле, мен аялыма болгон окуяны айтып турам. Бирөөсү аз жерден өзүн жоготуп коё жаздап:

-Сиз эмне? Эмне кылып жатканыңызды аялыңызга айтасызбы?

-Ал дагы азыр эле ал жакта эмне болуп жатканын мага айткан. -Мына сага. Жанындагысы: -Мен бул бөлмөнү жакшы билем. Бул бөлмөдө сизден мурда футбол боюнча курама команда эс алып кетишти. Биз бөлмөгө тыгылышып араң баттык,-дейт.

Мен ойлоп койдум: -“Эмнеге биздин футболдук курама команда уткуруп жатат”- деп.

Мен кыздардан сурадым:

-Силер бул кесипте “бөлмө тазалагыч” болуп көптен бери иштейсиңерби?

-Беш мүнөт болуп калды. Биздин негизги кесибибиз башка. Мен мугалим, курбум медайым.

-Ошону айтпайсыңарбы. Баардыгы өз кесиби менен иштебей калды го. Өлкөбүздө кесипкөйлүк жок болгону үчүн мамлекетибиз оңолбой жатат да,-деп кейип жаттым. Бирөөсү:

-Сиз акыбызды азыр төлөйсүзбү же иш бүткөндөн кийинби? Экинчиси:

-Сиздин кебетеңизге караганда биздин баага чыдабайсыз. -Кыздар мен ойлогом мунун баары мейманкананын баасынын ичине кирет деп. Мен былтыр Европада болдум. Ал жакта баары мейманканын баасынын ичине кирет. Бирөөсү:

-Алар акылынан адашкан. Биз өзүбүзгө иштейбиз.

-Кыздар колуман келишинче силерди ыраазы кылам. Мага өтө тазалаштын кереги жок. Ным чүпүрөк менен бир сыйра сүртүп койсоңор болду. Бирөөсү:

-Мени өлтүрүп жатат,- деген бойдон эшикти жулуп коё жаздап качып жөнөдү. Экинчиси:

-Биз кайсыл жерден баштайлы. Диванданбы?

-Эмнеге диванда. Диван жыйналды. Сен дивандын астына кир, мен азыр швабраны алып келейин. Ал кыз дагы:

-Мен мындайга макул эмесмин,-деп мунусу да кыйкырган бойдон эшикке атып чыкты. Ошол убакта телефон шыңгырап калды. Алсам жанагы аялдын үнү:

-Сиз элден башкача “клиент” экенсиз. Сиздин мүдөөңүздү аткара турган кыздарды шаар боюнча издеп жатабыз. Мен:

-Рахмат. Мен бул жерден чаң соргуч таап өзүм бүтүрүп алдым,- дедим.

Ал аял дагы эсинен танды окшойт. Үн-сөз жок, телефондун туткасы “шарак” этип жерге түшкөнү угулду.

Урматтуу эс алуучулар! Эгер жалгыз эс алганы келсеңер швабра жана чаң соргучуңарды ала келгиле...

/ ЖАН КАДЫР/  

"Тамчы" гезити

 

Последние новости