www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Вашингтондун шаардык кеңеши Орусия элчилигинин жанында жайгашкан аянтка оппозициялык саясатчы, маркум Борис Немцовдун атын берүү боюнча мыйзам долбоорун бир добуштан колдоду.

Бул тууралуу «Ачык Орусия» кыймылынын жана Немцов атындагы фонддун төрагасы кенже Владимир Кара-Мурза «Азаттык» радиосунун орус кызматына билдирди.

Декабрда Вашингтон шаардык кеңешинин тармактык комитети элчиликтин маңдайындагы көчөгө Немцовдун ысымын ыйгаруу сунушталган долбоорду бир добуштан кубаттаганы кабарланган. Эми документ күчүнө кириши үчүн шаар мэри кол коюшу керек. Борис Немцов атындагы аянт АКШнын башкалаасында февралда пайда болушу мүмкүн.

Бир кездердеги вице-премьер-министр, президент Владимир Путиндин сынчысы Немцовду 2015-жылдын февралында Москвада атып кетишкен.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости