www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бул окуя тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты Ирина Карумушкина «Вести.kg» сайтына төмөнкүлөрдү айтып берген.
-Бир-эки күн мурун мага Чүй балдар үйүнөн эки кызды асырап алабыз деген үй-бүлө кайрылды. Алар баардык керектүү документтердин жыйнап коюшкан экен. Үй-бүлө качан гана балдар үйүнө келгенде аларга эки кыз "Төмөнкү Чүй" ооруканасына түшүп калгандыгын кабарлашкан.
Бирок, үй-бүлө ал ооруканага билдирүү жөнөткөндө ал жакта да эки кыздын жок экени маалым болгон.
Кийин белгилүү болгондой эки кызды Балдар үйүнүн мүдүрү Социалдык Өнүктүрүү министирлигинин бир кызматкеринин суранычы менен бекитип койгон. Жана кыздарды алып кетүү үчүн аларга чет өлкөлүк жуп келген. Кыздар үчүн 15 миң доллар сунуштаган деген да маалымат бар.
Бул окуя боюнча Чолпон Султанбековага кайрылуу жасалган бирок ал тараптан эч кандай жооп боло элек.
Айтмакчы, учурда Балдар үйүнүн мүдүрү АКШда жүрөт. Абдан таңкалаарлык нерсе өзүбүздүн жарандарыбызга асырап алууга балдарды бербей чет элдиктерге бергени менде шек жаратат. Бул окуя боюнча мен акырына чейин туруп изилдейм жана кылмыш ишин козготом.
Булак: NazarNews.kg