www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Премьер-министр Кубатбек Боронов Республикалык ыкчам штабдын жыйыны өттү. Бул туурасында Өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү кабарлады.
Маалыматка караганда, адамдар жыш чогулган жерлерде беткап тагынуу режими жана санитардык-эпидемиологиялык коопсуздукту сактоого багытталган чаралар тыкыр сакталышы кажет. Бир катар жакынкы жана алыскы чет өлкөлөрдө эпидемиологиялык абалдын начарлоосу байкалууда.
«Түзүлүп жаткан кырдаалды эске алуу менен атамекендик саламаттык сактоо тутуму жана башка мамлекеттик органдар ыктымал болгон коронавирус инфекциясына чалдыгуунун экинчи толкунуна даяр болуусу керек. Республикада күн сайын COVID-19 дартына жана өпкөнүн сезгенишине чалдыккандардын саны катталууда. Көпчүлүк жарандар беткап кийүү, социалдык обочолонууну кармануу сыяктуу санитардык-эпидемиологиялык эрежелерди сактабай калды. Ошондуктан жер-жерлерде эпидемияга каршы иш-чараларды жана түшүндүрүү иштерин улантуу зарыл», - деди өкмөт башчы.
Ошондой эле премьер-министр Саламаттык сактоо министрлигине жана башка тармактык органдарга оорунун алдын алуу чараларына басым жасоо менен маалыматтык-түшүндүрүү иштерин улантууну тапшырды.
«Саламаттык сактоо министрлиги, Ички иштер министрлиги жана жергиликтүү бийлик органдарынын жетекчилери – эл көп чогулган жерлерде, анын ичинде жарандарды кабыл ала турган мекемелерде, коомдук транспортто жана базарларда беткап тагынуу режимин сактоо боюнча ишти күчөтүңүздөр. Бул өтө маанилүү. Беткап режими оорукана, соода борборлору сындуу эл көп чогулган жерлерде милдеттүү түрдө сакталышы керек.
Буга кошо санитардык кызматтар жана жергиликтүү бийлик органдары санитардык-эпидемиологиялык текшерүү иштерин күчөтүшү керек», – деди премьер-министр.
Ал эми жыйындын соңунда өкмөт башчы бир катар конкреттүү тапшырмаларды, анын ичинде өлкөдөгү эпидемиологиялык кырдаалды жакшыртуу боюнча көрүлүп жаткан чараларды күчөтүү тапшырмасын берди.
Булак: NazarNews.kg