www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Президент Сооронбай Жээнбеков Араван районундагы окуя боюнча Өкмөттүн көз карашын колдоого алды. Бул тууралуу 21-сентябрда өлкө башчынын расмий сайты кабарлады.
Маалыматка караганда, Жээнбеков өкмөт башчы Кубатбек Боронов менен өткөргөн онлайн жыйында, келечекте мындай окуяларга жол бербөө максатында жогорудагыдай жаңжалдарга компетенттүү түзүмдөр тарабынан өз маалында бөгөт коюлушу керектигин белгиледи.
Ошондой эле Өкмөт башчы Кубатбек Боронов, аталган факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталганын, иликтөө жүрүп жатканын билдирди.
Эске саласак, 20-сентябрда Араван районунун Араван айылында үгүт иштеринин алкагында чогулгандар арасында уруш чыгып, аягы жаңжалга айланып кеткен.
"Аталган факт боюнча азыр сотко чейинки өндүрүш башталды" -деп айтылат ИИМдин маалыматында.
ИИМ тергөө акыйкат жана мыйзам чегинде жүргүзүлөрүн, күнөөлүүлөр жазага тартыларын кабарлады.
Булак: NazarNews.kg