www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Президент Сооронбай Жээнбеков менен кеңешме өткөргөн өкмөт башчы Кубатбек Боронов эрежени сактабай, улам-улам буза берген кафе-ресторандарга айып пул гана эмес, жапканга чейин жоопкерчиликке тартуу туурасында айтты.

Президент жана премьер-министр өлкөдөгү эпидемиологиялык абалды, күз-кыш мезгилине даярдыкты, парламенттик шайлоону өткөрүү маселелерин талкуулашты.

Кубатбек Боронов ооруканаларды куруу жана оңдоп-түзөө иштери күчөтүлгөн темпте жүрүп жатканын билдирди.

Коомдук транспортто жана кафе-ресторандарда санитардык талаптардын сакталышын текшерүү боюнча рейддер жүрүп жатканын айтты. Эрежени сактабай, улам буза берген кафе-ресторандардын ээлерине айыппул салып гана чектелбестен, андай жайларды жапканга чейин баруу керектигин белгиледи.

Президент Жээнбеков коронавирус инфекциясынын экинчи толкуну болбошуна эч кандай кепилдик жок экенин өзгөчө белгилеп, аймактардагы ооруканалардын абалына, аларды жабдууга, кошумча орундарды даярдоого жана дары-дармек запасын камсыз кылуу керектигине көңүл бурду.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости