www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

NazarNews.kg маалымат агенттиги экс-акыйкатчы “Келечекке жол” Элдик Кеңешинин төрагасы, белгилүү укук коргоочу Турсунбек Акун менен БШК шайлоодон четтеткен “Бүтүн Кыргызстан” боюнча пикир алыштык.

-Турсунбек мырза, “Бүтүн Кыргызстан” партиясын БШК каттоодон өткөрбөй коюп, сотко кайрылууга аргасыз болду. Сот адилеттүү чечим чыгарат деп үмүт кылсак болобу?

- Борбордук шайлоо комиссиясы “Кыргызстан” партиясын да шайлоодон четтеткен.  Алар  райондор аралык сотко жана Жогорку сотко кайрылып  БШКны утуп, шайлоого катышуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушкан. БШК бу жолу “Бүтүн Кыргызстан” партиясын  каттабай койду. Бирок, “Бүтүн Кыргызстандын” юристтери, адвокаттары күчтүү болсо,  булардын да сотто утуп ала турган мүмкүнчүлүк бар. 

-Бул жерде БШК катачылыкка жол бергенби же күнөө партиядан кеткенби?

-БШК күнөөлүү же күнөөлүү эмес дегенден алысмын. Бул талаш маселеге сот гана чекит коёт.  

-Эгер сот БШКга ыктаган чечим чыгарса, эл арасында сот бийликчил “Кыргызстан” партиясын шайлоого катыштырып, оппозициялык партияны кодулап жатат дегендер нааразы тараптар  чыкпайбы?

-Албетте, андайлар чыгат.  Анткени, “Кыргызстан” партиясы бийликке ыктаган партия деген коомдук пикир түзүлүп калган. Ал эми  Адахан Мадумаров жетектеген “Бүтүн Кыргызстан” партиясын оппозициялык партия деп билишет. Эгер оппозициялык партиялар шайлоодон четтеп калса, анда Кыргызстандын эл аралык аброюна да шек келет.

Анткени, “Бүтүн Кыргызстан” партиясы кечээ түзүлө калган жок. 10 жылдан бери тынбай шайлоого катышып, болушунча аракеттенип келатышат. Ошон үчүн алардын да аракеттерин баалаш керек. Антпесек “Бүтүн Кыргызстан” партиясынын шайлоочулары жана тарапташтары  да бийликке доомат коё турган жагдай жаралат.

-“Бүтүн Кыргызстан” партиясынын лидери саясий чечимдин негизинде шайлоодон четтеп калдык деди эле. Жогору жакта Мадумаровду кыртышы сүйбөгөндөр барбы?

-Мен антип ойлобос элем. “Бүтүн Кыргызстан” партиясы өкмөт башчы же мамлекет башчы кийлигишип, шайлоодон четтетип салган жок.  Анткени, шайлоого байланышкан маселенин баарын БШК өзү чечип жатат. Бул жерде “Бүтүн Кыргызстандын” шайлоого катышуусун каалабаган  партиялар да болушу мүмкүн. Ошондой эле  саясатчыларды жолдон чыгарган  карт саясатчылар да  буларды шайлоодон четтетүүгө аракет кылышы да ыктымал. 

-Неге антип ойлоп жатасыз?

-Эгер партиялардын  көбү “Бүтүн Кыргызстан” партиясын шайлоого катышуусуна тилектеш болсо, бир ооз болсо да пикирин билдирет эле.  Бир гана “Реформа” партиясы менен “Чоң казат гана шайлоодон четтебеши керек деген оюн айтты. Оппозициябыз деген “Ата Мекен” менен “Бир Бол” талкан сугунуп алгансып  унчукпай отурушат. Булардын унчукпай олтурушунда сыр бар. Ошон үчүн бул иш  бийликтин эмес, ошондой оюнчулардын колунан келиши мүмкүн деген ойдомун.

-Мадумаров башында укуктук талаада күрөшөөрүн айтты эле. Эмнегедир акыркы мезгилде эмоцияга алдырып, башка  мааниде сүйлөй баштады го?

-Мадумаров “укуктук талаада күрөштү улантабыз” деп айткан. Мен ачууга алдырбай арканды алыс таштаса экен  деген тилекте болгом.  Тилекке каршы, элдер чогулуп келе баштаганда “Бүтүн Кыргызстан” партиясынын лидери да “эл эмнени айтса, мен ошого барам. Укуктук талаа менен күрөшүү болбой калды. Романтикалык жашоо бүттү”  деген маектерди бере баштады. “Бүтүн Кыргызстандын” башка талапкерлери да андан катуу маектерди берип, колдорун кесеп сүйлөй баштады. 
Соттор жаман деген күндө дагы маселени соттор чечет. Буюрса, бүгүнкү сот да калыс чечим чыгарат. Эгер бул сот чечпесе, алдыда Жогорку сот адилеттүү чечим чыгарат деп ойлойм.    

Булак: NazarNews.kg

Последние новости