www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Боронов неге былк этпейт?

Бизде баары эле кыргызчылык болуп, «боло берет» дегенге өтүп кеттик. Адам өмүрү кыйылып жатса да бийлик башында тургандарыбыз баш болуп, төмөнкүлөр төш болуп, тил учунан араң алты сөз айтып көңүл жубатканы менен «боло берет да» дегенсип кол шилтеп, этегин кагып туруп кете бермейди адатка айлантып алды.

ӨКМдин кетпес ханындай болгон Кубатбек Боронов өзгөчө кырдаалдардан улам элдин башына каран түн түшүп жатса да былк этпей креслодо олтурат. Эгер ӨКМ өз кызматын так аткарган болсо, жаратылыш кырсыгынан жан бергендердин саны азыркыдан алда канча төмөн болмок да.

Кырсыктардын алдын алуу боюнча ишке ким жооп берет? Жакындарын жоготкондор кимден сурак алат? Башка өлкөлөрдө мамчиновниктер сүйлөгөн сөзү үчүн кызматын таштап кетип жатканда, креслого кенедей жармашкан биздин аткаминерлер көрбөй, укпай жатабы? ӨКМ азыркы абалы менен эч кандай жарытылуу иш жасай албай турганын көрбөдүкпү. Андыктан Бороновду мойнунан байлап жетелебей, кызматтан эртерээк кууп түшүү керек да.

Булак: "Жаңы ОРДО"

Последние новости