www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Азыркы премьер-министр Сооронбай Жээнбеков өкмөттү жетектеген бир жылга жетпеген убакытта эч бир кооз сөзү, жасалмалуулугу жок, болгонун болгондой айтып, бир топ иштерди жасаганга үлгүрдү. Ушул жумада КСДП саясый кеңеши Сооронбай Жээнбековду президенттикке талапкер катары сунуштаган чечимди өздөрүнүн жыйынында кабыл алышты.
Биринчиден Жээнбеков өкмөт башына келгени саясаттан алыс болду. Экинчиден башка өкмөт башчылары сыяктуу жеп-ичкенге, интригага, өз саясатын жүргүзгөнгө, коррупциялык схемаларга азгырылбай чыныгы өкмөт башчынын милдетин аткарууга күч үрөдү.
Балким анын ушундай сапаты КСДП чечимин алууга түрткү болгондур. Бирок Жээнбеков бирөөнүн жетегинен чыкпайт, элге каршы жасалган чечимдерге көз жумат деп ойлогон да туура эмес. Ал кызматка жантыгынан жата тырышпаганы, жагынып, жагалданбаганы, кошоматтанбаганы ал ар кыл кызматта турганда далилденди. Эмнеси болсо да баарын шайлоо чечет.
Булак: "Жаңы ОРДО"