www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Айнектери караңгылатылган автоунааны минип жүргөн Бишкек шаардык кеңешинин депутаты Темирлан Токобековго 2 миң сом айып пул салынды. Патрулдук милициядан билдиришкендей, депутат бүгүн, 23-майда мектеп окуучуларынын катышуусундагы "Жол эрежелери" темасына арналган иш-чарага бара жаткан. Патрулдук милициянын инспекторлору анын унаасынын айнектери караңгылатылганы үчүн токтотуп, административдик протоколду түзүшкөн.

Айта кетсек, 1994-жылы туулган Темирлан Токобеков Бишкек шаардык кеңешинин "Республика - Ата Журт" фракциясынын депутаты. Ошондой эле ал Жогорку Кеңештин "Республика - Ата-Журт" фракциясынын депутаты Алиярбек Абжалиевдин уулу экени белгилүү.

Камчыбек Бостон, NazarNews.kg

Последние новости