www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Британ бийлиги Манчестердеги концерт көрүүчүлөрүнө кол салган шектүүнүн ысымын жарыялады. Ал 1994-жылы туулган иммигрант Салман Абеди. Шектүүнүн ата-энеси 1990-жылдардын башында Муамара Каддафинин репрессиялык режиминен качып Ливиядан Британияга келишкен.

22-майда Британиянын Манчестер шаарындагы "Манчестер Арена" концерт залынын кире беришиндеги жардыруудан өлгөндөр саны 22ге жетти, алардын арасында сегиз жашар кыз бар. Жарадарлар 59 болсо, 12си балдар.

Шаар полициясы жанкечти өзү да өлгөнүн бышыктоодо.

Жардырууга жоопкерчиликти "Ислам мамлекети" террордук тобу алып, чабуулду өз мүчөлөрүнүн бири ишке ашырганын маалымдоодо.

Шейшембиде британ полициясы Манчестердеги жардырууга байланыштуу 23 жаштагы жигитти кармагын жарыялаган.

Кандуу окуядан кийин британ саясий партиялары 8-июнда өтүүчү парламенттик шайлоого карата үгүт өнөктүктөрүн токтото турууну чечишти.

Булак: "centralasian.org"

Последние новости