www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкек, Ош шаарларына салына турчу жаңы ооруканаларга жана аймактарда оңдолуп жаткан имараттарга медициналык жабдууларды сатып алуу иштери азыртан жүргүзүлүп башташы керек. Бул тууралуу премьер-министр Кубатбек Боронов Республикалык штабдын жыйынында билдиргенин өкмөттүн маалымат кызматы жазды.

Ага ылайык, Боронов жаңы ооруканалар элге толук кандуу медициналык тейлөө көрсөтүшү зарыл экенин белгилеген.

"Курулуш жана оңдоп-түзөө иштери башталган медициналык жайларда интенсивдүү терапия жана реанимациялык орундар тийиштүү деңгээлде камсыздалууга тийиш. Ошондуктан ал жакка медициналык жабдууларды сатып алуу иштери азыртан жүргүзүлө баштасын", — деди премьер-министр.

Ал дары-дармектерди мамлекеттик деңгээлде сатып алуу иши үзгүлтүксүз жүргүзүлүшү керектигин дагы айткан.

"Оорукана, үй-бүлөлүк дарыгерлер тобун дары-дармек менен камсыз кылуу үзгүлтүккө учурап калбасын. Мындан тышкары, фармацевтикалык компаниялардын препараттарды ташып келүүсүнө шарт түзүү иштерин күчөтүү шарт. Ошол эле учурда дарылардын баасы негизсиз жогорулап кетпеш үчүн көзөмөлдөө иштерин күчөтүш керек", — деди Боронов.

Белгилей кетсек, ушул жумадан тарта Бишкек жана Ош шаарларына 100 орундуу жаңы эки оорукана курула баштады.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости