www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Укук коргоочу Азиза Абдирасулова каза болгон Азимжан Аскаровго социалдык тармак аркылуу кошок кошту.

Ал эми Фейсбук социалдык тармагынын колдонуучусу Айкөкүл Асылбекова ага карата билдирүү жазып чыкты.

На изображении может находиться: текст «поиск 80% нравится поделиться азиза абдирасулова 59 мин. кош дегим келбейт, кош дегим!!!! азимжан, сен ыплас саясаттын курмандыгы болдун, сен биздин журогубузго дайым сакталасын!!!. 13 16 комментариев репоста нравится поделиться азиза абдирасулова 14.0 III»

На изображении может находиться: текст «1:10 поиск 80% азиза абдирасулова 15мин. арабыздан эч кимге зыяны жок, бир таптаза адам кетти! кош дегим келбейт кош дегим! нравится комментарий поделиться азиза абдирасулова мин. кош дегим келбейт, кош дегим!!!! II o»

На изображении может находиться: текст «поиск 79% нравится поделиться азиза абдирасулова 14.0 билбейм чынбы, же жалганбы? эгер чын болсо акыйкаттык деп омурун берип кыргызстандын турмосунда каза болгон укук коргоочу катары T... ещё санжар эралиев еще нравится комментариев III поделиться O»

“Азиза эже сеператист канкоруӊуз жаш кетиптир, он гүлүнүн бири ачылбай. Кайрат кылыӊыз, эми англисче кошок кошуп, бетиӊизди тытып ыйласаӊыз, дагы грант келип калышы мүмкүн. Азиза Абдирасулова деген укук коргоочу эжекебиз бар. Билесинер да Кадыржан Батыров экөө Европада чогуу отуруп алып тил угушкан. Ал сеператисттердин, 2010-жылы кыргыз өзбек урушун чыгарган канкорлордун укуктарын коргоп жүрчү. Дал ошол кандуу окуяда 2 милициянын башын кесип, денесин өрттөп көмүп салган Азимжан Аскаровду коргоп жүргөн. Ал кечээ өлүп калыптыр. Эми ажал келсе канкор эмес, асыл адамдарды жоготуп жатабыз го. Аза күтүп, “эмнеге таштап кеттиӊ” деп фейсбукка жазып жинди болуп жатат. Азимжан Аскаров деген ким эле? Адамдарды тирүүлөй башын кесип, канын ичкен мыкаачы эмес беле? Эмнеге ага болушуп, мынтип кайгырып жатат?!”,-деп жазды Айкөкүл Асылбекова

Белгилей кетсек, өмүр бою эркинен ажыратылган укук коргоочу Азимжан Аскаров №47 колонияда көз жумду. Бул тууралуу журналисттерге маркумдун жакындары билдирди.

Мекемеге аны медициналык кароодон өткөрүү үчүн Тез жардам унаасы менен алып келишкен. Буга чейин анын адвокаты камактагы адамдын ден-соолугу начарлап кеткенин билдирген.

Аскаровдун жакындарынын айтымында, ал бүгүн, 25-июлда бир нече саат мурда каза болду. Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматы азырынча бул маалымат тууралуу үн ката элек. Өлүмдүн себеби азырынча белгисиз. 

Эске салсак, Азимжан Аскаров Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунда жашаган жана адам укуктары менен алектенген. 2010-жылдагы июнь окуясынан кийин ал башаламандыкты уюштурган жана милиция кызматкеринин өлүмүнө катышкан деген шек менен кармалган. Бардык инстанциялардагы соттордун чечими боюнча ал 2010-жылдын июнь окуяларында башаламандык уюштурган деген айып менен өмүр бою эркинен ажыратылган.

2016-жылы апрелде БУУнун Адам укуктары боюнча комитети кыргыз бийлигин укук коргоочунун ишин кароого чакырган. Кийинчерээк бул иш Чүй облустук соту тарабынан каралып, 2017-жылдын 24-январындагы чечим менен өмүр бою абак жазасына кесилген.

2020-жылы 13-майда Кыргызстандын Жогорку Сотунда адвокаттардын кассациялык даттануусу боюнча укук коргоочу Азимжан Аскаровдун иши боюнча соттук отурум болуп өттү.

Кеңешме бөлмөсүнөн кайтып келген Жогорку Соттун сот коллегиясы төмөнкү инстанциялардын өкүмүн күчүндө калтырган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости