www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Көз ачып жумганча сентябрь айы кирип келет. Анан дүйнөлүк 3-Көчмөндөр оюуну башталат. Өкмөттүн маалыматына таянсак бул оюнга катышуу үчүн ааламдын ар кайсы бурчунан (80 мамлекеттен) 3 миңдей спортсмендин катышуусу күтүлүүдө. Биздин билишибизче 3-Көчмөндөр оюнун чагылдырууга 50гө жакын өлкөдөн 300 дөн ашык ММК өкүлдөрүнүн келиши да күтүлүүдө.
Андан тышкары канчалаган ардактуу коноктор келет. Анын үстүнө азыркы президент Сооронбай Жээнбеков да чет өлкөлөргө барган жеринде баарын тең эле Көчмөндөр оюунуна чакырып жатат. А даярдык кандай? Конокторго уят болбойбузбу? Жакында Ысык-Көлгө 200дөй спортсмен келсе ошолорго тыңыраак тамак бере албай аларды отравление кылып алдык. Анан чочуйт экенсиңда.
Ушундайда 2016-жылы өткөн 2-Көчмөндөр оюнуна болгон даярдык эске келет. Андагы президенттик адиминстрациянын тышкы иштер бөлүмүнүн башчысы Сапар Исаков баш болгон уюштуруу комитети чынында кандай алгылыктуу иштерди алып барышкан. Жапжаңы роликтер тартылып дүйнөнүн далай өлкөлөрүңдө көрсөтүлүп турган. Канчалаган волонтерлор иш алып барды. Эми ал эмгекти калп эле көрмөксөн, билмексен болбойлу. Ал тургай ушул жылдын 14-апрелинде Т. Абдумомунов атындагы улуттук драма театрында 3-Көчмөндөр оюунуна болгон даярдыктын старт алышына андагы премьер-министр Сапар Исаков өзү барып ачып, «Көчмөндөр оюуну өлкөбүздү дүйнөгө жаратылышы кооз керемет өлкө катары таанытууга, анын таасиринде туризим тармагындагы өнүгүү, экономикалык өсүшүбүзгө да оң таасирин берет» деп айтканы бар.
Буларды айтканыбыз Исаков десе итиркейи келген өкмөттөгүлөр
арданбай чындыкты моюнга алса болмок.
Негедир бул иш чарага даярдыктын жышааны толук байкалбайт. Абулгазиевдин өкмөтү бул иш чара боюнча 20-июнда чогулуп 3-Көчмөндөр оюунунун уюштуруу комитетинин башчылыгына вице-премьер-министр К. Бороновду дайындаган боюнча негедир дайындары чыкпаЙт го?
Болгону анда санда чочугансып КТР менен ЭлТРдан 2016-жылдагы 2-Көчмөндөр оюнундагы кадрлардан чапталган телероликтер гана анда санда жарк эткени болбосо. Ушундан улам ал оюнга «ответственный» болгон вице-премьер К.Бороновдон даярдык тууралуу сурайлы дегенибизден майнап чыкпады. Колу бошобой жатса керек. Эми бул пикирибизди кокус К. Боронов окуп калса редакция менен байланышка чыгаар. Иши кылса конокторго уят болуп, мамлекетибиздин абройуна көлөкө гүшүрүп албасак эле болду.
«Айгай-пресс»