www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Абийирди жапкан ипподром

Өмүрүндө"бир куурай башын сындырганга жарабаган», өэдөрүнүн гана саясий кызыкчылыгын гана алдыга койгон, «Ата Мекен» социалистик партиясын кимдер гана билбейт. Турпатында «социалисттик» делгени менен ушуга чейин элдин кайсы социалдык маселесин чечкенге жардам берди алар?

Журтка стадионду гой, бир алачык курганга жарабаган ушу партиянын парламенттеги фракциясынын депутаттары өткөндө Чолпон-Атадагы ат майданы туурасындада катуу чурулдашты го. Кыргызда айтат «бүткөн ишке сынчы көп» деп.

Бирок ошол ипподром убагында курулбай калса, ипподромду куруу ал кездеги президент А.Атамбаевдин жеке көзөмөлүндө болуп күндүр-түндүр иш жүрбөсө, балким бул заманбап жай жаралат беле, бир Жараткан өзү билет.

Андагы узундугу 1миң 800 метрди түзгөн ат чабылучу аянттагы виброволокондон даярдалган доржкалар бир да КМШ өлкөлөрүнүн ат майдандарында жок. Ал эми ички жасалгасындагы конок залы, оюнду көрүүчү VIР зал, жалпы көрүүчүлөр отурчу жай жана башка жерлерин төмөнкү сүрөттөрдөн анын канчалык деңгээлде экенин баамдап алаарсыз, окурман.

Ошол ат майданды курууга, анын айлана чөйрөсүн оңдоп-түзөөгө канчалаган эмгек, мээнет кетти. Ошону унутпасак. Эгер чынында эле ушундай ажайып жай курулбай калса бүтүндөй түрк дүйнөсүнө мактанып алган биз Көчмөндөр оюунун кайда, кай жерде өткөрмөкпүз?

Аманчылык болсо бул ат майдан бир эле Көчмөндөр оюну эмес, мамлекет үчүн дагы далайлаган иш чараларды өткөрүүчү заманбап жай болуп кала берет деген тилектебиз.
«Айгаи-пресс»

Последние новости