www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

18-май күнү Кадамжай районунун Кыргыз-Кыштак айылындагы «СШК» каналынын ичинен жансыз денеси табылган 39 жаштагы А.Нуржамалдын өлүмүнө шектүү катары өзүнүн кайын энеси, кайын сиңдиси жана күйөө баласы кармалды. Бул тууралуу Turmush басылмасынын аймактык кабарчысына анын эжеси Шаадат Меңдибаева билдирди.

«Мени 5-июль күнү Кадамжай РИИБге чакырышып, сиңдим А.Нуржамалдын өлүмүнө шектүүлөр кармалганын айтышты. Ал шектүүлөр сиңдим менен бир үйдө жашаган кайын сиңдиси жана анын күйөөсү экен. Ага кошо кайын энеси да кармалыптыр. Алар мен барганга чейин сиңдимди кантип өлтүргөнү боюнча милиция кызматкерлерине көрсөтмө берип, кайсы жерде эмне болгонун айтып беришкенин уктум. Сиңдимди алгач жип менен муунтуп, кийин таш менен башына урган деп жатат. Андан кийин чала жан болуп калганда аны каналга алып барып ыргытып жиберишкен.

Кайын энеси болсо бул окуядан кабардар экендиги, бирок анын бул кылмышка канчалык деңгээлде тиешеси бар же жок экендиги текшерилип жатыптыр. Акыры бир тууган сиңдимдин киши колдуу болуп каза болгондугу аныкталып, акыйкат иш жүрүп жатканына кубанычтамын. Милиция кызматкерлерине ыраазычылыгымды билдирем. Анткени акыркы күндөрү бул иштин аягы түгөнбөй тургандай сезилген болчу. Кантсе да шектүүлөрдүн кылганы чын болсо өз жазасын алсын», - деди Меңдибаева.

Баткен ОИИБдин басма сөз катчысы Дамира Юсупова аталган кылмыштын бети ачылганын тастыктап, бирок азырынча тергөөнүн кызыкчылыктары үчүн толук маалымат бере албастыгын билдирди.

Окуя тууралуу:

18-майда Кадамжай районунун Кыргыз-Кыштак айылындагы каналдан белгисиз аялдын жансыз денеси табылган. Бул тууралуу Turmush басылмасынын аймактык кабарчысына жергиликтүү тургундар маалымдаган болчу.

Алардын айтымында, жансыз дене эртең менен саат 10:00 чамасында табылган. Андан кийин милицияга кабар берилип, алар иликтөө иштерин жүргүзүшкөн. Эртеси, 19-майда Ак-Турпак айыл өкмөтүнүн башчысы Алчынбай Торалиев каналдан жансыз денеси табылган аялдын ысымы такталгандыгын билдирген.

Анын айтымында, келин Ак-Турпак айылынын 1979-жылы туулган тургуну А.Нуржамал экендиги аныкталган. Ал каналдан суу алам деп түшүп кеткени болжолдонгон. Артында 5 баласы калган. Анын денеси 18-май күнү саат 15:00 чамасында жерге берилген.

Аялдын денеси табылган учур
22-июнда Баткен ОИИБ 18-май күнү Кадамжай районунун Кыргыз-Кыштак айылындагы «СШК» каналынын ичинен жансыз денеси табылган аялдын өлүмү боюнча иликтөө иштери жүрүп жаткандыгын кабарлаган.

Маалыматка караганда, дене табылгандан кийин укук коргоо кызматкерлери иликтөө жүргүзгөн. Анын жыйынтыгында жансыз дене Ак-Турпак айыл өкмөтүнүн Чоң-Кара айылынын 39 жаштагы тургуну А.Нуржамал экендиги аныкталган. Анын мойнунда, бетинде ар кандай жаракаттары бар экендиги такталып, анын өлүмүнүн себептерин аныктоо үчүн соттук-медициналык экспертиза дайындалган. Экспертизанын жыйынтыгы 18-июнь күнү келген. Экспертизанын текшерүүсүндө аялды оң каракуш чыкый бөлүгүндөгү жарааты, оң жана сол бетинде жана сол көзүндө көгөргөн жарааты, мойнунун үстүнкү жана ортоңку бөлүгүндө муунткандан калган жана этинин айрылган жарааты, баш мээнин жабык түрдөгү жарааты, баш мээнин сол төбө челдеринин астында кан куюлган жаракаттары аныкталган. Бул факты боюнча 18-июнь күнү КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 97-беренесинин 1-бөлүгү (адам өлтүрүү) менен кылмыш иш козголгон.

Каза болгон аял бир үйдө күйөөсү, 5 баласы менен жашап келген. Ошол эле үйдө анын кайын сиңдиси да күйөөсү менен кошо жашачу.

Нуржамалдын күйөөсү эмне дейт?

Нуржамалдын күйөөсү А.Мирлан жубайынын өлүмүнө өзүнүн үй-бүлөсүн күнөөлөп жатышкандыгын билдирген.

Анын айтымында, милиция кызматкерлери аны коркутуп-үркүтүп, аялынын өлүмүнө өзүн шектүү деп жатышат. Бирок аялы каналга агып өлгөн түнү жумушта болгон.

«Аялым менен 18 жыл жашадык. 5 балабыз — 1 уул, 4 кызыбыз бар. Аялым 18-май күнү каналга агып, өлүгү чыкты. Ал ошол түнү мен жумушта элем. Мага чалып, Бүргөндүдө жумуш бар экенин айткан. Мен макул болгом. Балам менен аялым сыртта тапчанда укташкан. Түндө аялым чыгып кеткенин эч ким билген эмес. Балам таңкы саат 6:00 чамасында турганда аялым тапчанда жок болгон. Мен иштен келип, аялым айткан ишине кеткен го деп ойлогом. Бирок саат 11:00 чамасында кошунам каналдан аялдын сөөгү табылганын, ал аялыма окшош экенин айтты. Ал чынында менин аялым экен. Бизди суракка алып барышты. Бизди Кадамжай РИИБге алып барганда башыма пакет кийгизип, «сен өлтүргөнсүң, сени мойнуңа алдырабыз» дешти. Кийин үйгө да милиция кызматкерлери келишти. Алар балдарыма да «силер өзүңөр өлтүргөнсүңөр» деп айтышкан. Экспертизанын жыйынтыгы чыкпай туруп кыйнап моюнга алдырабыз деп жатышат. 21-июнда да келип кетишти. Аялымдын өлүмүнө биз күнөөлүү эмеспиз. Бул жерде башкаларды да күнөөлөй албайм. Анткени факт жок», - деген ал.

Баткен ОИИБдин басма сөз кызматы бул маалыматтарды четке каккан болчу.

«Табылган денеде ар кандай жарааттар бар экендиги аныкталып, каза болуунун себептери соттук-медициналык экспертизада каралып, анын жыйынтыгы 18-май күнү чыккан. Натыйжада КРнын Кылмыш-жаза кодесинин 97-беренесинин негизинде кылмыш иш козголгон. Биздин кызматкерлер анын үй-бүлөсүнөн сурак кылыша элек. Алар туура эмес маалымат таркатышууда», - деген Баткен ОИИБдин маалымат катчысы Дамира Юсупова.

Эжеси сиңдиси киши колдуу болуп каза болгонун айткан:

25-июнда каза болгон Нуржамалдын эжеси Шаадат Меңдибаева сиңдиси киши колдуу болуп каза болгондугун билдирген.

Анын айтымында, сиңдиси 5 баланын апасы болчу.

«Өлүктү көргөнү өлүкканага бизди киргизген учурда мойнундагы жиптин изин жана башындагы жаракаттарды көрдүк. Ошондон улам киши колдуу болуп өлдү деген күмөндө соттук-медициналык экспертизага бергенбиз. Андан кийин 19-июнда экспертизанын жыйынтыгы чыгып, киши колдуу болуп каза болгондугу аныкталган. Ал жерде мойнунда жиптин изи, башындагы жаракаттар, мээсине кан куюлгандыгы, моюн жүлүнү үзүлүп кеткендигенен улам каза тапкандыгы даана жазылган. Ички органдарында суу жок болгондуктан, сууга тирүү түшпөгөнү, суу жутпаганы аныкталган.

Сиңдим Нуржамал 39 жашта болчу. Ал Кадамжай районунун Бирлик айыл аймагына караштуу Сур айылында төрөлгөн. 5 баласы бар. Улуусу 17 жашта, андан кийинки кыздары 15, 13, 9, 6 жашта. 18 жылдан бери күйөөсү менен жашап келген. Сиңдим талаага жумушка чыгып, балдарын багып келген. Ага кайын энеси тарабынан 1 бөлмө бөлүнүп берилгендиктен, ошол жалгыз бөлмөдө күн кечирип жаткан эле. Ал жашаган үй 2 бөлмөлүү болгон, бир бөлмөсүндө кайын сиңдиси күйөөсү менен жашачу. Эч кимге карызы жок, эмгекчил кыз болгон. Эми кылмышкерлер табылып, жазасын алышын жана акыйкаттыкты талап кылабыз», - деген Шаадат Меңдибаева.

Булак: "turmush.kg"

Последние новости